2014-жылдын алдын-ала натыйжалары жана 2015-жылга прогноз

2014-жылдын алдын-ала натыйжалары жана 2015-жылга прогноз

Жарыяланган: 20 January 2015

2014-жылдын алдын-ала натыйжалары жана 2015-жылга прогноз
Centerra Gold Inc. («Центерра») жана «Кумтɵр Голд Компани» компаниялары 2014-жылдын ɵндүрүштүк тапшырмаларынын ийгиликтүү аткарылышы жɵнүндɵ билдиришет.

«Кумтɵр» кен ишканасында алтын ɵндүрүүнүн кɵлɵмү тɵмɵнкүнү түздү:

– 2014-жылдын 12 айынын жыйынтыгы боюнча – 567 693 унция* или 17 657,2 кг алтын;
– 2014-ж. IV кварталында – 291 635 унция же 9 070,9 кг жакын алтын.

Алтын ɵндүрүүнүн пландык кɵрсɵткүчү 2014-жылы Борбордук карьердин алтынга бай рудалуу SB зонасына чыгуудан улам жетишилди, аны казууну компания 2015-жылдын биринчи кварталында да улантууда.

2015-ж. перспективалар

Алдын-ала эсептɵɵлɵр боюнча “Кумтɵр” кен ишканасында ɵндүрүштүн кɵлɵмү 2015-жылы 470-520 миӊдей унция же 14,6-16,2 т. алтынды түзүүгɵ тийиш. Ошол эле учурда, быйыл компания алтындын эӊ чоӊ бɵлүгү жылдын акыркы кварталында ɵндүрүлгɵн мурдагы жылдардан айырмаланып, салыштырмалуу бирдей кварталдык ɵндүрүүнү күтүүдɵ.

Кыртыш ачуу иштерине чыгымдарды алып салгандан кийинки жалпы капиталдык чыгымдар 2015-жылы 75 млн. долларды** түзүүгɵ тийиш. Анын ичинен 49. млн. доллар негизинен оор жүк тоо-кен техникалар паркын кеӊири масштабдуу кайра жабдуу (36 млн. доллар); калдыктарды сактоочу жайдын дамбасынын бийиктигин кɵбɵйтүү боюнча курулуш иштери (7 млн. доллар) жана башка статьялар (6 млн. доллар) менен байланышкан негизги фондуларды модернизациялоого багытталмакчы***.

Ɵнүктүрүүгɵ инвестициялар 26 млн. доллар кɵлɵмүндɵ пландаштырылган жана ɵзүнɵ KS-13 планына ылайык карьердин контурларын кеӊейтүүгɵ байланыштуу кен ишканасынын инфраструктура объектилерин кɵчүрүүнү, сууну сордуруп салуу иш чараларын.

Кыртыш ачуу иштерин капиталдаштыруу 2015-жылы карьерди иштетүүгɵ байланыштуу 185 млн. доллар ɵлчɵмүндɵ күтүлүүдɵ.

* – Маалымат үчүн: троялык унция = 31,10348 грамм
** – Эгерде башкасы кɵрсɵтүлбɵсɵ, бардык акча суммалары АКШ долларында келтирилген.
*** – GAAP (бухэсептин жалпы кабыл алынган принциптери) алкактарында пайдаланылбоочу кɵрсɵткүч, кошумча маалыматты SEDAR сайтында «GAAP пайдаланбоочу кɵрсɵткүч» бɵлүгүнɵн караӊыздар.

“Центерра” жɵнүндɵ кошумча маалымат SEDAR www.sedar.com сайтында жана компаниянын www.centerragold.com сайтында жеткиликтүү, ошол эле жерден пресс-релиздин англис тилиндеги толук тексти менен таанышууга болот.