Ɵткɵн дем алышта кумтɵрчүлɵр арасында гольф боюнча ар жылдык 14-кайрымдуулук турнири ɵттү

Ɵткɵн дем алышта кумтɵрчүлɵр арасында гольф боюнча ар жылдык 14-кайрымдуулук турнири ɵттү

Жарыяланган: 14 October 2016

8-октябрда «Кумтɵр Голд Компани» кызматкерлери менен ɵнɵктɵштɵрү «Кленовый лист» гольф клубунда өткөн ар жылдык 14-кайрымдуулук турнирине катышышты

Биринчиликке компаниянын кызматкерлери менен ɵнɵктɵштɵрүнөн он үч команда ат салышты. Үчүнчү орунду кадрлар боюнча вице-президент Деон Баденхорсттун командасы, экинчи орунду – гольф-клубдун машыктыруучусу Нурмат Иманалиев капитаны болгон команда алды. 2016-жылдагы гольф турнирдин жеӊүүчүсү гольф-клубдун машыктыруучусу Чынгыз Мусулумов болуп калды. Андан сырткары, мыкты жеке соккулар үчүн номинацияларында алты оюнчу атайын белектер менен сыйланды.

Турнирдин бардык катышуучуларына «Кумтɵрдүн» эл аралык жана жергиликтүү өнөктөштөрүнөн байгелер берилди. Күн ичинде 200 утулушсуз лотерея билеттери сатылып, иш чаранын акырында өткөн аукциондо 5 лот ойнотулду. Кызматкерлердин балдары үчүн илимий тажрыйбалар, живопись жана япон тайко добулбастарында ойноо боюнча мастер класстар менен шоу-программа уюштурулган. Турнирде чогулган 3 115 АКШ доллары «Help the children SKD» фондуна тапшырылда. Учурда фонд кичинекей Александр Риппке операция жасоо үчүн каражат чогултууда. Он беш айлык наристе рактын ɵтɵ сейрек түрү менен жабыркаганы аныкталганга чейин, эки жолу туура эмес диагноз коюлган.

“Кумтөр Голд Компани” турнирге катышкан бардык кызматкерлерге, атап айтканда, Саймон Тэнге, ошондой эле кайрымдуулук акциясын колдогон өнөктөштөр “Chicken Star” кафеси, “L’occitane” дүкөнү, Балдар илимий комплекси, “EsCake” үй наабайканасы, “Трэвэл Вижн” туристтик агенттиги, “Opio fashion” дизайнерлери, “Айко Сейко” тигүү ишканасы, “Аль-Салам” басма үйү, “Евро” жана “Кирленд” басмаканалары, “Office Point” кеңсе буюмдар дүкөнү, “К2” жана “Enjoy” спорт клубдары, “Ашуу” жана “Аврора плюс” конок үйлөрү, “Арбуз” жарнама агенттиги, фотограф Сэм Бараталиев, “Штайнброй” сыра өндүрүүчү, “Бишкек кровля” компаниясы, “О!” уюлдук оператору, “Кью” кофейнясы, “Ololo” ко-воркинг жана арт-студиясы, “Россия” кинотеатры, “Боорсок” гипермаркеттер тармагы, ошондой эле “Борусан Макина”, “Сэндвик Майнинг”, “Туркуаз Машинери” эл аралык өнөктөштөргө жана “Кленовый лист” гольф-клубуна терең ыраазычылык билдирет.