Баткен облусунда жабыркагандарга кумтөрчүлөр даректүү жардам көрсөттү

Баткен облусунда жабыркагандарга кумтөрчүлөр даректүү жардам көрсөттү

Жарыяланган: 12 October 2022

Сентябрь айындагы Баткен облусунда болуп өткөн каргашалуу окуялар баарыбыздын жүрөгүбүздү оорутту. Мекенибиздин башына түшкөн мындай оор күндө жалпы кыргызстандыктар бир жеңден кол, бир жеңден баш чыгарып, бекем ынтымагын көргөздү. Каргашада жабыркаган баткендик бир боорлорубузга көрсөтүлгөн жардамдар дагы деле уланууда.

“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун жалпы жамааты дагы бул трагедияга көңүл кош карабай, жетекчилик менен бирге катардагы кызматкерлер дагы чын жүрөгүнөн каражат топтогон. Баш аягы 3 миллион 902 миң 595 сом чогулуп, анын 1 миллион 710 миң сому кайтыш болгон 57 адамдын жакындарына берилди. 1 762 995 сом Ак-Сай, Самаркандек, Лейлек, Капчыгай, Айдаркен, Чечме, Марказ, Достук, Максат, Кулунду, Маргун айылдарындагы турак-жайлары жабыркаган үй бүлөлөргө таратылды. 429 600 сом Бишкек шаарында дарыланып жаткан 24 адамга бөлүштүрүлдү.

“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун жалпы жамааты кайтыш болгондордун  жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, баардык кыргызстандыктарга ачык асман, бейпил турмуш каалайт.