САТЫП АЛУУЛАР БОЮНЧА АДИС (ПРОВИЗОР)

САТЫП АЛУУЛАР БОЮНЧА АДИС (ПРОВИЗОР)

Жарыяланган: 10 October 2022

 “Кумтөр Голд Компани” ЖАК төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт

Сатып алуулар боюнча адис (провизор)

Билдирүүнүн номери: KGC-22-247

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:

  • Дары-дармектерди, медициналык буюмдарды, медициналык жабдууларды сатып алуу;
  • Дары-дармек каражаттарынын кыймылын эсепке алуу (чыгаша, киреше);
  • Жарамдуулук мөөнөтүн көзөмөлдөө;
  • Компаниянын өндүрүштүк ишмердүүлүгү үчүн сатылып алынган товарлардын баа анализин жана базар талдоосун жүргүзүү;
  • Жеткирип берүүчүлөрдү издөө, жеткирип берүүчүлөрдүн сунуштарын изилдөө, чыгашаларды оптималдаштырууга жана / же өндүрүмдүүлүктүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзгөн орундуу сунуштарды даярдоо;
  • Келип түшкөн билдирмелерли талдоо жана иштетүү;
  • Сатып алуу табыштамаларын түзүү, жайгаштыруу, экспедициялоо;
  • Жеткирип берүүчүлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, кооптуу товарларды ташуу режимдерин колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен жеткирүү шарттарын макулдашуу;
  • Жеткирип берүүчүлөрдүн ишине керектүү тапшырыктарды түзүү, заказдардын техникалык талаптарына ылайык убагында аткарылышын байкоо;
  • Бүтүмдөрдү документациялоо;
  • Келишимдерди даярдоо, макулдашуу, сатып алуу табыштамаларын жана башка документтерди макулдашуу жана даярдоо, ошондой эле документтерди архивдөө.

МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР:

  • Жогорку же атайын-орто медициналык, фармацевтикалык билим (провизор, фармацевт);
  • 3 жылдан кем эмес иш тажрыйба;
  • Компьютердик программаларды билүү: Office, Outlook, 1С;
  • Жогорку аналитикалык көндүмдөр, көп милдеттерди аткаруу режиминде көп өлчөмдөгү маалымат менен иштөө мүмкүнчүлүгү;
  • Мыкты командалык жана баарлашуу көндүмдөрү болуу, тыкан, эмгекчил жана стресске туруктуу болуу;
  • Англис, орус, кыргыз тилдерин билүү.

Анкета жана резюмени 2022-жыл 21-октябрь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот: (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf)

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-22-247.

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.