«Кумтөр» туруктуу жана кадимки режимде иштеп жатат

«Кумтөр» туруктуу жана кадимки режимде иштеп жатат

Жарыяланган: 21 September 2022

2022-жылдын 23-августунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин № 446-р буйругу менен «Кумтөр Голд Компани» ЖАКта (КГК) убактылуу тышкы башкаруу токтотулган (аяктаган). Ошол эле күнү КГКнын жалгыз акционери – «Кыргызалтын» ААКтын чечими менен директорлор кеңеши жана башкармалык түзүлдү.

КГКнын президенти – башкармалыктын төрагалыгына Алмазбек Барыктабасов, директорлор кеңешинин төрагалыгына Болотбек Идирисов шайланды. КГКнын жаңы жетекчилигин жамаатка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тааныштырган.

Алмазбек Барыктабасовдун тоо-кен тармагында көп жылдык бай тажрыйбасы бар. Ал «Кумтөргө» 1997-жылы келип, оор техниканы оңдоочу катардагы слесарлыктан, кен жайын техникалык тейлөө башкармалыгынын менеджерлигине чейинки баардык кызматтык тепкичтерди басып өткөн.

Жакында эле компаниянын президенти Алмазбек Барыктабасовдун эмгек жамааты менен бейформал жолугушуусу болуп өттү. Жетекчилик менен кызматкерлердин мындай бетме-бет ачык баарлашуусу өндүрүштүк жана социалдык маселелерди чечүү үчүн абдан маанилүү. Мындай жолугушуулар эми үзгүлтүксүз өткөрүлүп турмакчы.

– Компания азыр толугу менен мамлекеттин карамагында болгондуктан, биздин мойнубузга мурдагыдан да өтө чоң жоопкерчилик жүктөлдү. Мен чындап эле бул үмүттөр аткарылышын каалайм. Мен өз кезегимде бул жакта иштөөгө жана жашоого эң жакшы шарттарды түзүү үчүн бардык аракетимди жасайм деп убада берем. Буйруса, биргеликте өкмөт тарабынан, Президент тарабынан коюлган максаттарга жетебиз деп ишенем – деди «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын президенти Алмазбек Барыктабасов.

Тышкы башкаруунун жоюлушу, туруктуу башкаруу органдарынын түзүлүшү менен КГК сөз эмес, иш жүзүндө Кыргызстандын экономикасынын флагманы жана өлкөнүн алдыңкы компаниясы болушу керек. Ишти коопсуз, өз убагында жана сапаттуу аткаруу жана эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу негизги милдеттерден болуп саналат.

Биз баарыбыз «Кумтөрдүн» эффективдүү жана үзгүлтүксүз иштешине, ар бир кызматкердин коопсуз болушуна кызыкдарбыз. Республикалык бюджеттин кирешеси алтындын пландалган көлөмүн казып алуу жана аны сатуудан көз каранды. Анан, албетте, бул каражаттар мугалимдердин жана башка категориядагы кызматкерлердин эмгек акысын көтөрүүгө, пенсия жана социалдык төлөмдөргө жумшалат, – дейт КГКнын директорлор кеңешинин мүчөсү Умбетали Кыдыралиев.

Бүгүнкү күндө «Кумтөрдө» жана анын подряддык уюмдарында төрт миңден ашык адам иштейт. Ишканада жүрүп жаткан текшерүүлөр өндүрүштүк процесстерге таасирин тийгизген жок. Кен туруктуу жана штаттык режимде иштеп жатат. Кызматкерлердин жана жетекчилердин кесипкөйлүгү – компаниянын алдыга жылуусуна, татаал маселелерди чечүүгө жана алдыга койгон максаттарга жетүүгө бекем ишеним жаратууда.