ТАРМАК АДМИНИСТРАТОРУ (БИШКЕК КЕҢСЕСИ)

ТАРМАК АДМИНИСТРАТОРУ (БИШКЕК КЕҢСЕСИ)

Жарыяланган: 09 November 2022

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт – Тармак администратору (Бишкек кеңсеси)

Билдирүүнүн номери: KGC-22-254

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:

  • Маалымат системалар тармактарынын жана инфраструктуралык кызматтардын МТ стандарттарына, маалыматтык коопсуздук стандарттарына шайкештик даражасын талдоо;
  • Байланыш каналдар жана маалымат системаларынын тармактарынын салыштырма анализи жана тандоо;
  • Тармактык түзүлүштөрдү (модемдер, коммутаторлор, маршрутизаторлор, файрволдор, VPN) орнотуу, конфигурациялоо жана иштетүү боюнча иштерди пландаштыруу;
  • Тармакты модернизациялоо боюнча кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү пландарды иштеп чыгуу;
  • Тармактык жабдуулардын кам тетиктеринин жана түзүлүштөрүнүн комплектерин түзүү (модемдер, коммутаторлор, маршрутизаторлор, файрволдор, VPN);
  • Жабдууларды жана тармактык түзүлүштөрдүн операциялык системаларынын параметрлерин инвентаризациялоо;
  • Тармактык жабдуулар (модемдер, коммутаторлор, маршрутизаторлор, файрволдор, VPN) иштен чыккан жана бузулган учурда системанын иштешин калыбына келтирүүгө катышуу;
  • СКС, ВОЛС, ЛВС системаларын долбоорлоого жана техникалык тапшырмаларын даярдоого катышуу;
  • Подряддык уюмдардын иштерин коштоо, уюштуруу, сапатын көзөмөлдөө;
  • Болгон СКС, ВОЛС, ЛВС инфраструктурасын инспекциялоо жана талдоо;
  • СКС, ВОЛС, ЛВС инфраструктурасынын ички стандарттарын иштеп чыгуу;
  • СКС тармагынын элементтеринин параметрлери жана ишенимдүүлүгү регламентине ылайык техникалык кароону жана контролду жүргүзүү, бузулууларды өз убагында аныктоо жана аларды мүмкүн болушунча тез арада четтетүү максатында пландык тейлөөнү жүргүзүү;
  • СКС, ВОЛС монтаждоо иштери боюнча аткаруу документтерин даярдоо.

МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР:

  • Маалымат технологиялар/ телекоммуникация жана байланыш тармактар жаатында жогорку техникалык билим;
  • Адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш тажрыйба;
  • Билимдери:
  • ISO/IEC — 11801-2002 стандарттары же аналогдору;
  • байланыш стандарттарын, ISO/TIA структураланган кабелдик системаларын, OSI/ISO, LAN/WAN/GAN тармактык моделин колдонуу тажрыйбасы;
  • Ethernet тармактарын уюштуруу;
  • TCP/IP, gRPC, Wi-Fi (IEEE 802.11x), IMP протоколдору;
  • OSPF, RIP, BGP, EIGRP маршрутизация протоколдору;
  • тармак жабдууларынын ырастоолору (модемдер, коммутаторлор, маршрутизаторлор, файрволдор, VPN);
  • жогорку коммуникативдик көндүмдөргө ээ болуу.
  • байланыш системаларынын, маалымат система тармактарынын архитектуралык аудитин уюштуруу көндүмдөрүнө ээ болуу;
  • булуттук технологиялар (PaaS, SaaS) менен иштөө тажрыйбасы;
  • ITSM системалары менен иштөө тажрыйбасы (өзгөрүүлөрдү башкаруу, конфигурацияны башкаруу жана CMDB);

Анкета жана резюмени 2022-жыл 18-ноябрь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот: (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf)

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-22-254

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.