БИЗНЕС-АНАЛИТИК (БИШКЕК КЕҢСЕСИ)

БИЗНЕС-АНАЛИТИК (БИШКЕК КЕҢСЕСИ)

Жарыяланган: 09 November 2022

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт – Бизнес-аналитик (Бишкек кеңсеси)

Билдирүүнүн номери: KGC-22-255

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:

  • Өзгөрүүлөрдү башкаруу (колдонмо программалык камсыздоо боюнча талаптар);
  • Анализ процесстерин жана бизнес процесстеринин (as is, to be) сыпаттоосун башкаруу жана контролдоо, ошондой эле системага болгон талаптарды user stories / use cases /маалымат системасына ТТ түрүндө түзүлүшүн контролдоо;
  • МТ долбоорлорунун аткарылышын башкаруу жана контролдоо;
  • МT долбоорлорун башкаруу үчүн маалыматтык системаларынын бизнес-процесстерин сыпаттоо жана моделдөө үчүн маалыматтык системаларды тандоо (CASE инструменттери) жана салыштырмалуу анализ;
  • Маалымат системаларын тандоо боюнча пилотторго катышуу;

МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР:

  • Маалымат технологиялар/долбоорлорду башкаруу МВА/ колдонмо математика жана информатика жаатында жогорку техникалык билим;
  • Иш тажрыйбасы:
  • маалыматтык системалар тармагында 2 жылдан кем эмес (артыкчылык: тоо-кен компанияларында);
  • талаптарды талдоо жана башкаруу, МT-долбоорлорун башкаруу боюнча 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
  • маалыматты, ОС, МББС, колдонмолорду миграция боюнча тажрыйба;
  • булуттук технологиялар (PaaS, SaaS) менен иштөө тажрыйбасы;
  • долбоорду башкаруу үчүн маалыматтык системалар менен иштөө тажрыйбасы;
  • 2ден кем эмес бизнес – домендерде/ capabilities (финансы, МТ, логистика, тоо-кен тармагында артыкчылыктуу, металлургия) тажрыйба;
  • Атайын көндүмдөрү жана билими:
  • маалыматтык технологиялар, программалык камсыздоону иштеп чыгуунун жана долбоорлорду башкаруунун жетилгендик деңгээли боюнча (COBIT, ITIL, CMMI, AGILE, PMBOK).
  • стандарттар, талаптарды башкаруу жана сыпаттоо методикасы, бизнес-процесстерди моделдөө (BABOK), контролдоо жана пландаштырылган көрсөткүчтөргө жетишүү;
  • Cloud ready жана Cloud-Native applications колдонмолорунун, API Management, микросервистик архитектура боюнча мамилелер менен паттерндер;
  • нотациялар, CASE инструменттерин колдонуу тажрыйбасы жана бизнес процесстерин моделдөө (DFD, IDEF, UML) боюнча 2 жылдан кем эмес;
  • талаптарды башкаруу аудитин уюштуруу, МТ долбоорлорун башкаруу бюонча көндүмдөрү болуу;
  • маалымат базаларын жана реляциондук байланыштарды башкаруу системаларынын түзүлүшү тууралуу жалпы принциптерин түшүнүү;
  • жогорку коммуникативдик көндүмдөргө ээ болуу.
  • Тилдерди билүү:
  • орус тилин – эркин билүү;
  • кыргыз тилин билүү – кубатталат;
  • англис тилин орто (Upper Intermediate) же жогорку (Advanced) деңгээлде билүү.

Анкета жана резюмени 2022-жыл 18-ноябрь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот: (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf)

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-22-255.

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.