“Кумтөрдүн” Балыкчы өткөөл базасында коопсуздук марафондун жеңүүчүлөрү сыйланды

“Кумтөрдүн” Балыкчы өткөөл базасында коопсуздук марафондун жеңүүчүлөрү сыйланды

Жарыяланган: 07 October 2022

2022-жылдын 26-сентябрынан баштап “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын Балыкчы өткөөл базасында (БӨБ) кызматкерлер арасында эмгекти коргоо маданиятын өнүктүрүү, техникалык коопсуздук маселесине кызматкерлерди кызыктыруу жана тартуу максатында коопсуздук марафону өткөрүлдү. Баалуу белектер ойнотулган бул иш-чарага баардык каалоочулар катыша алышты. Бул үчүн каттоодон өтүп, марафондун баардык 3 этабындагы тапшырмаларды аткаруу керек эле.  Мелдешке Балыкчы өткөөл базасынын 85 кызматкери катышты.

Марафондун катышуучулары үчүн төмөндөгүдөй тапшырмалар берилген: коопсуздук маданияты түшүнүгү жана коопсуздук маданиятын кантип жогорулатуу мүмкүн экенин жазуу; жумуштан үйрөнгөн эмгекти коргоо жана коопсуздук жаатындагы билимдерин үйдө жана күнүмдүк турмушта кантип колдонуп жатканын баяндап жазуу; эмгекти коргоо жана коопсуздук эрежелери боюнча көндүмдөрү жана билими өмүрдү сактап калууга же ден соолукту коргоого кандай пайдасы тийгендиги тууралуу өз башынан өткөргөн окуя, учурларды сүрөттөп берүү.

Атайын комиссия ар бир этапта мыкты жыйынтык көрсөткөндөрдү иргеп, марафондун жеңүүчүлөрүн аныктады. Баардык катышуучулардын арасынан кокустук сандардын генерациялык  ыкмасы аркылуу шык берүүчү кошумча этап уюштурулуп, 3 жеңүүчү сыйланды.

Кызматкерлердин, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана айлана-чөйрөнү коргоо – бул «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын ишмердүүлүгүндөгү негизги артыкчылыктуу багыттар. КГК компаниянын бардык кызматкерлеринин жана подряддык уюмдардын кызматкерлеринин коопсуздугун камсыз кыла турган жагымдуу, коопсуз жумушчу атмосфераны түзүүгө умтулат.