«Кыргызалтындын» башчысы «Кумтөр» кенине барды

«Кыргызалтындын» башчысы «Кумтөр» кенине барды

Жарыяланган: 03 November 2022

“Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Элдияр Калдарбеков иш сапары менен “Кумтөр” кенине барды. Ал алтын казуучу ишкананын жетекчилиги жана эмгек жамааты менен жолугушуп, өндүрүш процесси менен таанышып, өндүрүштүк пландын аткарылышын жана кенди өнүктүрүүнүн келечегин талкуулады.

– Бүгүн бүт дүйнө Кыргызстан “Кумтөрдөй” ири кенди өз алдынча иштете аларына ынанды. Белгилүү болгондой, “Кумтөр” кенинин 100 пайыз акциясы “Кыргызалтынга” өткөн. Учурда экологиялык, техникалык жана каржылык аудит жүргүзүп жатабыз. Ишкананын келечеги кең, өлкө президенти жана министрлер кабинети тарабынан коюлган бардык милдеттер аткарылаарына ишенем, – дейт «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы Элдияр Калдарбеков.

Кендин директору Кубанычбек Молдобековдун айтымында, кийинки жылдын планында фабрикадагы айрым өндүрүштүк линияларды модернизациялоо каралган. Бул иште кен республиканын Министрлер кабинетинин көмөгүнө муктаж. Эгерде инвестициялык план колдоого алынса, ишкана рудадан алтын алуунун пайызын жогорулата алат.

Иш сапардын жыйынтыгында “Кыргызалтындын” жетекчиси учурда “Кумтөрдө” колдонулуп жаткан тажрыйба жана өндүрүшкө болгон мамиле Кыргызстандагы башка компанияларга да үлгү болоорун, компанияны Кыргызстандын эле жарандары эң мыкты иштетип жатканын кошумчалады. “Кумтөрдө иштеп жаткан ар бир кызматкер менен баарлашып чыктык. Кыргыз балдар, кыргыз кызматкерлер эле иштеп жатат. Өзүбүз эле иштетсек болот экен. Президентибиз койгон тапшырмаларды так, туура аткарсак эле баары ийгиликтүү болот деп ойлойм” – дейт Элдияр Калдарбеков.

Компания жетекчилигинин учурдагы эң башкы максаты – элдин жана өлкө башчысынын ишеничин актоо, алдыга коюлган максаттарга жетүү экенин айткан “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын вице-президенти Улукмырза Абакиров:

– “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун жетекчилиги “Кумтөр Голд Компани” Кыргызстандын карамагына өткөндөн кийин акционер катары өндүрүштүн учурдагы абалы менен таанышып, инспекция кылып кетишти. Инспекциянын жыйынтыгы менен алар жакшы баасын беришти. Анткени баардык жумуштар штаттык режимде аткарылууда – деди.