“Кумтөрдүн” Ысык-Көл облусундагы подряддык уюмдары кичи футбол боюнча “Ынтымак футболу” аталышындагы мелдеш өткөрүштү

“Кумтөрдүн” Ысык-Көл облусундагы подряддык уюмдары кичи футбол боюнча “Ынтымак футболу” аталышындагы мелдеш өткөрүштү

Жарыяланган: 01 November 2022

2022-жылдын 29-октябрь күнү Каракол шаарындагы “Каракол Арена” спорт клубунун оюн талаасында Ысык-Көл облусундагы “Кумтөр Голд Компанинин” подряддык уюмдарынын 9 командасынын жана КГК курама командасынын катышуусунда “Ынтымак футболу” мелдеши өттү. Мелдешке төмөндөгү уюмдардын командалары катышты:

  1. «Иштерман».
  2. «Саруу-транс».
  3. «Рус-гранд».
  4. «Акысбеков».
  5. «Жети-Огуз гаранд».
  6. «Липенка Сервис».
  7. «Тарылга Сервис».
  8. ДНК.
  9. КГК.

Мелдеш «Кумтөр» компаниясы менен подрядчылардын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты бекемдөө, биримдикти чыңдоо жана сергек жашоо образын жайылтуу максатын көздөгөн.

Оюндардын ачылыш аземинде КГКнын вице-президенти Улукмырза Абакиров подряддык уюмдар менен болгон тыгыз кызматташтык – иштеги эффективдүүлүктү жана мыкты натыйжаны камсыз кылаарын белгилеп, элдин жана мамлекеттин жыргалчылыгы үчүн «Кумтөр» кен жайынын туруктуу жана коопсуз ишин камсыз кылуудагы подрядчы уюмдардын салымы зор экенин кошумчалады. Өз кезегинде подрядчы уюмдардын өкүлдөрү КГКнын жетекчилигине ыраазычылык билдирип, мындан ары да өз ара пайдалуу жана жемиштүү биргелешкен ишти улантууга даяр экендиктерин айтышты.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча «Рус-гранд», «Липенка Сервис» жана «Жети-Өгүз гаранд» ишканаларынын командалары алдыга чыгышты. Мелдештин жеңүүчүлөрүнө жана катышуучуларына сыйлыктарды жана эстелик белектерди  КГКнын вице-президенти Улукмырза Абакиров тапшырды.

Жеңүүчүлөрдү куттуктап, мелдешке катышкан баардык командаларга ыраазычылык билдиребиз!