«Кумтɵр» компаниясынын адиси Гана Республикасында тоо-кен техника шиналарын техникалык тейлɵɵ боюнча жарым жылдык окутуудан ɵтɵт

«Кумтɵр» компаниясынын адиси Гана Республикасында тоо-кен техника шиналарын техникалык тейлɵɵ боюнча жарым жылдык окутуудан ɵтɵт

Жарыяланган: 05 February 2016

«Кумтɵр Голд Компанинин» адиси Мирбек Курманбаев тоо-кен техника шиналарын техникалык тейлɵɵдɵ дүйнɵлүк лидерлерине кирген «Кал Тайер» (Kal Tire) компаниясында алты айлык тренингден ɵтɵт. Окутуу Батыш Африкалык Гана Республикасында, атактуу Тарква (Tarkwa) алтын кенинде ɵтмɵкчү.

Учурда «Кумтɵр Голд Компаниде» штаттык кызматкерлердин 97%ы Кыргызстандын жарандары жана компаниянын персоналындагы кыргызстандыктардын үлүшү дайыма ɵсүүдɵ. Бул ишканада иштеген чет элдик адистерди ырааттуу түрдө жергиликтүү кадрлар менен алмаштыруунун эсебинен жүрүүдө.

Кыргызстанга кайра келгенден кийин Мирбек Курманбаев чет элдик адистердин бирин алмаштырат. Учурда «Кумтɵр» кен ишканасында шиналарды техникалык тейлɵɵдɵ эки чет элдик адис иштɵɵдɵ. Курманбаев алгач алардын бирин алмаштырат, а 2017-жылдын башында экинчи чет элдик адис ɵзүнүн ишин аяктайт жана кен ишканадагы шиналарды техникалык тейлɵɵ толук бойдон Мирбектин милдети болмокчу.
«Кумтɵр» кениндеги техникалык тейлɵɵ бɵлүмүнүн менеджери Джерард Уиглсворс алгач 12 айга эсептелген Гана Республикасындагы тренинг алты айда интенсивдүү режимде ɵтɵ тургандыгын белгиледи. Компания адисин окутууга 100 миӊдей АКШ долларын инвестициялоодо. «Бул Мирбектин кесипкөйлүгү жогорулашы жана компания үчүн маанилүү. Мен анын ийгилигине абдан кызыкдармын жана ал ийгилик жаратарына ишенем. «Кумтɵр» компаниясы кызматкерлерин окутууга жана квалификациясын жогорулатуу үчүн, ɵзгɵчɵ жаш адистер үчүн ɵтɵ кɵптү жасоодо», – деп баса белгиледи Джерард Уиглсворс.

Мирбек Курманбаев «Кумтɵр» компаниясындагы ɵз ишин беш жыл мурда котормочулук кызматынан баштаган. Жɵндɵмдүүлүгү жана кесипкɵйлүк сапаттары үчүн пландоо бɵлүмүнɵ которулган. Компания ага Ү.Асаналиев атындагы Тоо-кен иштери жана тоо-кен технологиялары институтунда «Тоо-кен техникасынын ремонту жана тейлɵɵ» адистиги боюнча экинчи жогорку техникалык билим алуу толук шарт түзүп берген.

«Мен ɵтɵ кубанычтамын жана бизге кам кɵргɵн компанияга абдан ыраазымын. Алынган билим мага гана эмес, компаниябызга да, бүтүндɵй ɵлкɵгɵ да таандык болмокчу. Мен ɵзүм иштеген бɵлүмдɵ жана бүтүндɵй компанияда натыйжалуулукту жана ийгиликтүүлүктү жогорулатуу үчүн үйрөнгөнүмдү толук пайдаланам. Билим – бул айрым бир кызматкердин же компаниянын эле эмес, жалпы мамлекетибиздин ɵнүгүшүндɵгү эң маанилүү нерсе», – деп белгиледи Мирбек Курманбаев.