Ысык-Көлдө мөмө-жемиштердин жылыга өтүүчү экинчи фестивалы болуп өттү

Ысык-Көлдө мөмө-жемиштердин жылыга өтүүчү экинчи фестивалы болуп өттү

Жарыяланган: 12 August 2014

Өткөн ишемби, 9-августта Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында жылыга өтүүчү мөмө-жемиштердин «Карагат фест» экинчи фестивалы болуп өттү. Ысык-Көл жаратылышынын берекесине арналган фестиваль «Карагат+» долбоорунун алкагында «Кумтөр Голд Компанинин» каржылоосу менен «Авеп» коомдук фонду тарабынан уюштурулат.

Меймандар арасында Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев, Айыл-чарба жана мелиорация минстрлигинин азык-түлүк коопсуздугу жана маркетинг башкармалыгынын жетекчиси Жумабек Асылбеков, «Кумтөр Голд Компанинин» туруктуу өнүктүрүү боюнча директору Дуглас Гриер жана ошондой эле коомчулук менен ЖМК өкүлдөрү болушту. Жалпысынан быйыл фестивалга 2000ден ашуун адам келди.

Фестивалдын негизги максаттары аймактагы мөмө-жемиш өндүрүүнү өркүндөтүп, фермерлер, кайра иштетүүчүлөр жана кардарлар ортосунда мамилерерди бекемдеп, өнөктөштүктү өркүндөтүү үчүн аянт түзүү.

Иш чара меймандар жана катышуучулардын сынына өз өндүрүмдөрүн койгон 500 фермердин күчү менен уюштурулду. Фестивалдын жүрүшүндө бардык каалоочулар жергиликтүү мөмө-жемиштерди татып көрүүдөн сырткары экологиялык таза өндүрүмдөн джем менен шире даярдоо боюча түркүн мастер-класстарга катыша алышты. Фермерлер болсо «Карагат +» долбоорунда колдонулган мөмө-жемиштерди өстүрүү, кайра иштетүү жана сактоо боюнча жаңы технологиялар менен таанышты. «Карагат +» долбоорунун адистери бакчаларды сугаруунун иноовациялык ыкмалары, ийгиликтүү мөмө өстүрүү, тамчылатып сугаруу ыкмасын колдонуу жана питомниктер менен теплицаларды куруу боюнча бардык каалоочуларга кеңеш беришти. Фестиваль кыргыз эстрадасынын жылдызарынын катышуусу менен концер жана көркөм фейерверк менен аяктады.

Жылыга өтүүчү «Карагат фест» фестивалын уюштуруучулары үчүнчү жолу өткөрүү эстафетасын Тюп районуна узатышты. Эске салсак, ѳткөн жылы фестиваль Тоң районунун Бөкөнбаев айылында ѳткѳн.