«Кумтɵр» компаниясы Кыргыз Республикасынын Соода ɵнɵр жай палатасы менен бирге ишкерлер жана коммерциялык уюмдар үчүн маалыматтык сессия ɵткɵрүштү

«Кумтɵр» компаниясы Кыргыз Республикасынын Соода ɵнɵр жай палатасы менен бирге ишкерлер жана коммерциялык уюмдар үчүн маалыматтык сессия ɵткɵрүштү

Жарыяланган: 04 October 2017

2017-жылдын 27-сентябрында Бишкекте «Кумтɵр Голд Компани» ЖАКы (КГК) Кыргыз Республикасынын Соода ɵнɵр жай палатасынын маалыматтык колдоосунда компаниянын потенциалдуу өнөктөштөрү – ишкерлер жана коммерциялык уюмдар үчүн маалыматтык сессия ɵткɵрдү.

Иш чара «Кумтɵр» компаниясынын жаңы потенциалдуу ɵнɵктɵштɵрү менен байланыш түзүп, кызматташуу жол-жоболорун маалымдоо, ошондой эле, товарлар менен кɵрсɵтүлгɵн кызматтардын номенклатурасын кеңейтүү максаттарын көздөдү.
Сессияга Кыргызстан жана Казакстандын 66 уюмдан 74 катышуучу келди. Иш чаранын жүрүшүндɵ КГКнын жабдуу жана материалдык техникалык камсыздоо бɵлүмүнүн адистери катышуучуларга компаниянын сатып алуу ишмердиги жɵнүндɵ айтып беришти. Атап айтканда, чогулгандар компаниянын жергиликтүү сатып алуулар стратегиясы, товарларды жана кызматтарды сатып алуу процедуралары жана өнөктөштөрдү тандоо критерийлерин билишти. Компания Ысык-Кɵл облусунда кичи жана орто бизнес ишканаларын ɵнүктүрүү боюнча долбоорлору жɵнүндɵ да маалымдады.
Кыргыз Республикасынын Соода ɵнɵр жай палатасынын ɵкүлдɵрү палатанын ишмердүүлүгү жана долбоорлору жɵнүндɵ айтып беришти, ошондой эле продукцияны Евразиялык экономикалык бирликке (ЕАЭБ) мүчɵ-мамлекеттерге экспорттоо үчүн ЕАЭБдин ылайык келүү сертификаттарын алуу жана сертификация боюнча кеңири маалымат беришти.
Иш чара бизнестин ɵкүлдɵрүнɵ «Кумтɵр» компаниясынын сатып алуулар саясатына карата стратегиясын жакшылап түшүнүүгɵ, ошондой эле узак мɵɵнɵттүү, натыйжалуу жана ɵз ара пайдалуу кызматташууну камсыздоо үчүн өнөктөштөргө коюлган талаптар менен таанышууга мүмкүндүк берди.
Белгилей кетсек, бул иш чара үчүн «Кумтөр Байланышта» корпоративдик маалымат бюллетенинин атайын чыгарылылышын даярдалган.
Эске салсак, Жергиликтүү сатып алуулар боюнча стратегия компаниянын веб-сайтында «Сатып алуулар жана логистика» бɵлүгүндɵ бардык кызыкдар тараптар үчүн жеткиликтүү.
Бул маалыматтык сессия компаниянын потенциалдуу өнөктөштөрү менен алака түзүүдө пландалган иш чаралар сериясынан үчүнчүсү болду. Компания ушундай сессияларды Ысык-Кɵл облусунда регионалдык өнөктөштөр үчүн уюштурууну пландаштырууда