«Кумтөр Оперейтинг Компани» «Чий куурчак» балдар үчүн китебин басып чыгарууну финансылады

«Кумтөр Оперейтинг Компани» «Чий куурчак» балдар үчүн китебин басып чыгарууну финансылады

Жарыяланган: 02 April 2012

«Кумтөр Оперейтинг Компани» «Чий куурчак» балдар үчүн китебин басып чыгарууну финансылады Бүгүн, 2012-жылдын 2-апрелинде, балдар китебинин эл аралык күнүндө, К.Баялинов атындагы республикалык балдар жана уландар китепканасында «Чий куурчак» балдар үчүн китебинин бет ачаары болду. Мектепке чейинки курактагы жана баштапкы класстардын окуучулары үчүн арналган кооз китеп «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» колдоосу менен кыргыз жана орус тилдеринде жалпы нускасы 3600 даанада чыгарылган.

Жаш окурмандар менен жолугушууда китептин автору, балдар жазуучусу Бек Жылдыз китепти жазуу таржымалы, сүйүү, достук жана кыргыз элинин улуттук салттары жөнүндө айтып берди. Өткөрүлгөн мастер-класс унутулган элдик салтты – жөнөкөй жана кооз оюнчукту жасоону кайра жаратууга арналды. Илгертеден эле дээрлик бардык элдердин балдары колдо болгон материалдардан мындай оюнчуктарды жасап келишкен. Улуттук маданияттын бир бөлүгү болуу менен куурчак өз образында кыргыз элине мүнөздүү өз алдынчалуулукту жана өзгөчөлүктөрдү сактап келет. Анын башкы баалуулугу жана кайталангыстыгы мына ушунда.

«Биздин компаниянын бул долбоорго катышуусунун негизги себеби балдарда китеп окууга, эне тилине жана кыргыз элинин улуттук салттарына кызыгууну өнүктүрүү болуп калды. Мен кичинекей окурмандар үчүн бул китеп эң сонун белек гана болбостон, ошондой эле улуттук чыгармачылык менен таанышуунун эң сонун мүмкүнчүлүгү да болуп калат деп үмүттөнөм», – деп баса белгиледи китептин бет ачаарында «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» президенти Майкл Фишер.
Анын алдынкы күнү компания 2000 даана китепти республиканын Балдар китепканалары фондуна берди. Нусканын калган бөлүгү Ысык-Көл областынын балдар мекемелерине берилмекчи.