«Кумтөр Оперейтинг Компани» «Тоо-кен иши – 2011» тематикалык көргөзмөгө катышты

«Кумтөр Оперейтинг Компани» «Тоо-кен иши – 2011» тематикалык көргөзмөгө катышты

Жарыяланган: 29 September 2011

2011-жылдын 27-28-сентябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Технопаркынын Көргөзмө борборунда «Тоо-кен иши – 2011» республикалык тематикалык көргөзмө болуп өттү

Көргөзмө Кыргыз Республикасынын тоо-кен тармагындагы интеллектуалдык жана инновациялык ишмердүүлүктүн учурдагы абалына арналган. Анда республиканын өнөр жай ишканаларынын жана илимий уюмдарынын продукциялары, иштеп чыгуулардын үлгүлөрү, аракеттеги макеттер, маалыматтык тактайчалар ж.б. коюлган.

«Кумтөр Оперейтинг Компанинин» тактайчасында акыркы мезгилде өндүрүшкө киргизилген новациялар: ачык тоо-кен иштерин оперативдүү башкарууга мүмкүндүк берүүчү «Модуляр» тоо-кен-транспорттук жабдууну күнү-түнү диспетчердик башкаруунун өркүндөтүлгөн системасы; алтынды бөлүп алуу процессинде көмүрдүн натыйжалуураак түрүнө өтүү; алтын ылгоочу фабрикада майдалоо жана флотация участокторунун өндүрүмдүүлүгүн оптималдаштыруу үчүн металлургиялык параметрлерди автоматтык жөнгө салуу системасын киргизүү; техниканы техникалык тейлөөнүн мөөнөттөрүн оптималдаштыруу ж.б. коюлган.

Көргөзмөнүн программасы өзүнө тегерек столду камтыды, ал Кыргызстандын тоо-кен тармагынын адистерин бир аянтчага жыйнады. «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» өкүлдөрү эки баяндама жасашты. Мисалы, компаниянын геомеханиги Андрей Шамбунин катышуучуларды «Кумтөрдүн» жер астындагы кен ишканасындагы өткөөлдөрдү жана тирөөчтөрдү бекемдөөнүн жаңы методу менен тааныштырса, карьер боюнча инженердик иштердин координатору Каныбек Казыбеков тоо-кен техникасынын паркын жаңылоо жана карьердик самосвалдардын кузовдорун өркүндөтүү жөнүндө айтып берди.

Жалпысынан көргөзмөгө 10дон ашуун ишкана жана уюм катышып, көрүүчүлөрдүн кароосуна геология жана тоо-кен иши тармагындагы иштеп чыгууларды жана чечимдерди коюшту. Көргөзмөнүн ишине активдүү катышкандыгы, инновациялык иштеп чыгууларды көрсөткөндүгү жана инновациялык ишке салымы үчүн «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» ишмердүүлүгү КРнын УИАсынын Технопаркынын Грамотасы менен белгиленди.