Кажысай айылындагы балдар үйүндɵ күнөскана курулду

Кажысай айылындагы балдар үйүндɵ күнөскана курулду

Жарыяланган: 21 September 2015

Ɵткɵн жума күнү Тоӊ районунун Кажысай айылындагы “Хадича” балдар үйүндɵ «Кумтɵр Голд Компани» каржылаган «Карагат +» долбоорунун алкагында курулган күнөскананын расмий ачылышы болду. Ачылыш аземине балдар үйүнүн кызматкерлери, тарбиялануучулар жана “Кумтɵр” компаниясынын ɵкүлдɵрү катышышты.

168 чарчы метр аянты бар туннелдик күнөскананы бир нече ай аралыгында тургузушту. Анын наркы 650 000 сомдон ашуунду түздү. Долбоордун алкагында балдар үйүнүн жамааты үчүн сугат жана жылытуу системасын пайдалануу, ошондой эле элект жабдууну пайдалануу боюнча бир катар окутуу тренингдеринин каралган.

Балдар үйүнүн аймагында регион үчүн инновациялык күнөскана куруунун максаты – азыркы учурдагы 40тай тарбиялануучуга жыл бою экологиялык таза жашылчалар менен тамактануу мүмкүнчүлүгүн берүү, ошондой эле мекемени кошумча каржы булагы менен камсыз кылуу. Буга чейин компания долбоордун алкагында тарбиялануучуларынын саны 100 балага жеткен Ак-Суу балдар үйүндɵ да күнөскана орноткон.

«Ысык-Кɵл облусунда күнөскана чарбачылыгын ɵнүктүрүү долбооруна компания бир катар социалдык объектилерди камтыган, анда “Хадича” балдар үйү да бар. Балдар үйүнүн тарбиялануучулары жыл бою жаӊы жашылча-жемиштер менен камсыз болуп, администрация күнөскананы үзгүлтүксүз иштɵɵсү үчүн бардык зарыл билимдерди жана кɵндүмдɵрдү ала турганына ишенем», – деп белгиледи «Кумтɵр Голд Компанинин» Туруктуу ɵнүктүрүү боюнча директору Актилек Түнгатаров.

«Биз түзүлгɵн шарттар үчүн ыраазыбыз. Күнөскана кыш мезгилинде бюджетти олуттуу үнɵмдɵɵгɵ мүмкүндүк берет. Азырынча биз бадыраӊ гана отургуздук, бир аз убакыттан кийин помидор жана жашылча тигип кɵрɵбүз. Баарын адистердин байкоосу алдында гана жасайбыз жана алардын кеңештерин карманабыз», – деп директор Күлүшкан Акматова билдирди.

Маалымат үчүн: «Кумтɵр Голд Компани» менен «Авеп» коомдук фондусунун биргелешкен «Карагат+» үч жылдык программасы жергиликтүү жамааттарды ɵнүктүрүүгɵ жана жашылча-жемиш рыногунун потенциалын кеӊейтүүгɵ багытталган. Ишке ашыруу аймагы – тескейге басым жасоо менен Ысык-Кɵл облусу. Бул экологиялык багыттагы программанын алкагында Коомдук фонд фермерлерди карагаттын жогору түшүмдүү, үшүккɵ жана илдеттерге чыдамдуу жаӊы сортторун ɵстүрүү технологияларына жана талааларды сугаруунун инновациялык ыкмаларына окутмакчы. «Авеп» фондусунун адистери айыл чарба продукцияларынын питомниктеринин, күнөсканалардын жана кабыл алуу жерлердин тармагын түзүүгɵ кɵмɵк кɵрсɵтүшɵт. Долбоор жɵнүндɵ кеӊири маалымат тɵмɵнкү сайтта жеткиликтүү:
www.karagat.kg