Биз ишмердүүллүгүбүздөгү максаттарга жетүүдө бизнес жүргүзүү жолу менен кызматкерлер ишин аткаруу ыкмалары негизги принциптер деп ишенебиз.
Белгиленген башкаруу стандарттарды аткаруу үчүн биз компаниянын методикасын жана жол-жоболорун иштеп чыктык. Биз жетекчилерибизден, адистерибизден жана катардагы кызматкерлерибизден эң жогорку этикалык нормаларды кармануусун күтөбүз. Бул талап компаниянын төмөнкү үч саясатында кеңири сүрөттөлүп жазылган:
а) Компаниянын жетекчилери жана кызматкерлери үчүн этикалык нормалардын топтомунда;
б) Директорлор үчүн этикалык нормалардын топтомунда; жана
в) Компаниянын бардык директорлору, жетекчилери жана кызматкерлери үчүн эл аралык бизнес жүргүзүү саясатында.
«Кумтөрдө» «корпоративдүү маалымдоо» программасы да иштейт, ал компаниянын бардык директорлоруна, жетекчилерине жана кызматкерлерине башка директорлордун, жетекчилердин жана кызматкерлердин потенциалдуу этикалык бузуулары жөнүндө ак ниет даттанууларды жана арыздарды анонимдүү берүү мүмкүнчүлүгүн берет. Директорлорго, жетекчилерге жана кызматкерлерге, эгерде аларда кандайдыр-бир коркунучтар же суроолор болуп калса, анда компаниянын юрисконсультантына, кадрлар бөлүмүнө же түз жетекчилерине кайрылууга да рекомендация берилет. Компания тарабынан директорлорубуз, жетекчилерибиз жана кызматкерлерибиз үчүн бул саясаттар боюнча үзгүлтүксүз тренингдер өткөрүлөт.
Кызматкерлер үчүн этикалык нормалардын топтому кызыкчылыктардын конфликттин болтурбоо, конфиденциалдык маалыматты коргоо, колдонулуучу мыйзамдардын, эрежелердин жана жоболордун талаптарына ылайык келүү, маалыматты ачыктоо жөнүндө талаптарды сактоо, кызматкерлер жана үчүнчү тараптар үчүн бухгалтердик эсеп жана аудит маселелерине тиешелүү коркунучтар жөнүндө маалымдоо процедурасы сыяктуу талаптарды камтыйт.
Мындай маселелери бар кызматкерлер түз, конфиденциалдуу же анонимдүү түрдө кайрыла алышат. 2018-жылы Кумтөр кен-жайында 2 тренинг сессиясы өткөрүлүп (чет мамлекеттик жана жергиликтүү адистер үчүн англис жана кыргыз тилдеринде). Биз мындай тренингдерди жылыга өткөрүп, бардык кызматкерлер жок дегенде үч жылда бир же тобокелдер жогору жерде көбүрөөк өтүп туруусун камсыздоону максат коебуз. 2018- жылы онлайн-видео окуу куралын иштеп чыгып, жеке окутуу менен чогу колдонууга беребиз.
Директорлору үчүн этикалык нормалардын топтому директорлордон болгон, мүмкүн болуучу же айкын конфликт жөнүндө корпоративдүү секретарга токтоосуз баяндоону талап кылат, ал өз кезегинде маалыматты Корпоративдүү башкаруу жана дайындоолор боюнча комитеттин назарына жеткирүүгө тийиш. Директор анда кызыкчылыктардын конфликттери мүмкүн болгон маселелер боюнча талкуулоого, кароого жана чечимдерди кабыл алууга катыша албайт. Бардык жаңы директорлор Директорлор үчүн этикалык нормалардын топтомун карап чыгууга жана кабыл алууга тийиш.
Бизнести эл аралык жүргүзүү саясаты компаниянын директорлоруна, жетекчилерине жана кызматкерлерине (чектөөлөрсүз) преференциялык мамилелерди алуу, бизнес жүргүзүүгө лицензияларды алуу, тоо-кен казып алуу ишмердигине уруксат берүүлөрдү же концессияларды алуу, камсыз кылуу же өзгөртүү сыяктуу укукка жат максаттарга жетүү үчүн «мамлекеттик кызмат адамына» «кандайдыр-бир баалуу нерсе» белек кылууга, сунуш кылууга же убада кылууга тыюу салат.
Биз саясатыбызда жана коштоочу окутуу программаларында «кандайдыр-бир баалуу нерсе» термининин аныктамасын өзгөчө кеңирилигин белгилейбиз, ал акчалай сыйлоо менен эле чектелбейт, «мамлекеттик кызмат адамы» термини болсо, адатта адамдар мамлекеттик чиновниктер деп эсептешпеген саясый партиялардан кандидаттар, ошондой эле мамлекеттик ишканалардын жетекчилери сыяктуу адамдарды да камтыйт.
Биз Бизнести эл аралык жүргүзүү саясатына өтө олуттуу мамиле жасайбыз жана жогоруда эскертилгендей, 2012-ж. аягында «Кумтөр» компаниясында Бизнести эл аралык жүргүзүү саясаты боюнча кошумча курстарды өткөрдүк, ошондой эле кызматкерлерге колдоо көрсөтүү үчүн «шашылыш линия» киргиздик. 2013-ж. биз берүүчүлөрүбүздүн маалыматтарын текшерүү процессин күчөттүк жана берүүчүлөр менен типтүү контракттарыбызга коррупция жана паракорчулук менен күрөшүү боюнча пункттарды киргиздик.
Биздин курчап турган чөйрөгө таасир этүүбүздү түшүнүү, баалоо жана башкаруу үчүн биз «пландоо-аракет-мониторинг-жакшыртуу» системалык мамилени колдонобуз, ал Стандартташтыруу боюнча эл аралык уюмдун ISO 14001 жана өнөр жай коопсуздугун жана саламаттыкты башкаруу системасынын OHSAS 18000 стандарттары боюнча текшерилет. Бул мамиле «Кумтөр» долбоорун пландаштыруунун баштапкы стадиясында курчап турган чөйрөгө таасир этүүнү баалоодон башталган, ал айлана-чөйрөнү коргоо (КЧК)* чараларын башкаруу программасын киргизүү менен улантылат, ошондой эле болочокто кен ишканасын эксплуатациядан чыгарууну пландаштырууну (КЭЧП) да камтыйт. Биз Жаратылышты коргоо чаралары планын (ЖКЧП) карманабыз (азыркы учурда №5 версия аракетте), ал өндүрүштүн курчап турган чөйрөгө таасир этүүсүнүн кесепеттерин четтетүү үчүн жана уруксат берүүлөрдүн жана башка талаптардын сакталышы боюнча документтерди мониторингдөө үчүн иштелип чыккан. Система тоо-кен өнөр жайындагы алдыңкы эл аралык практикаларга, жергиликтүү нормативдик документтерге жана отчеттуулукка ылайык эксплуатациялык талаптарды мониторингдөө, техникалык контролдоо, эксплуатациялык талаптарды аткаруу үчүн арналган. Система жана анын олуттуу элементтери да корпоративдик жана көз карандысыз аудитке тушуктурулат жана КРнын тийиштүү компетенттүү органдары тарабынан бекитилет. Компанияда оңдоп-түздөөчү, алдын алуучу чараларга көз салуу системасы да колдонулат. Бул КЧК жана коопсуздук техникасы боюнча бөлүмдөргө оңдоп-түздөөчү аракеттер боюнча пункттарды киргизүүгө жана жоопкерчилик чөйрөсүн аныктоого мүмкүндүк берет. Бул жоопкер бөлүмдөргө зарыл ишмердүүлүктү дарекке багыттоого жана токтотууга да мүмкүндүк берет. Алгач «Кумтөр» долбоору үчүн көп тараптуу долбоорлук финансылоонун бөлүгү катарында иштелип чыккан ЖКЧП да Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы сыяктуу кредиторлор алдында отчеттуулук боюнча талаптарды да аныктайт. Отчеттуулук боюнча бул талаптар төмөнкүлөрдү камтыйт:
*Жаратылышты коргоо чараларынын планы (ЖКЧП) төмөнкү аспектилерди камтыйт:
«Кумтор Голд Компани» жаратылышты жоопкерчиликтүү колдонуу менен бирге, өндүруштөгү коопсуздукту камсыздоонун, Компаниянын, жалданма компаниялардын жумушчуларынын жана жергиликтүү коомчулуктардын ден-соолугун коргоонун биринчи кезектеги маанилүүлүгүнүн тааныйт. КГКнын иш-аракеттеринин бардык этаптарында, ошонун ичинде, геологиялык чалгындоо иштеринде, өндүрүш иштеринде жана объекттерди эксплуатациядан чыгаруу иштеринде, коопсуздук жаатындагы «Жумуштагы коопсуздук-үйдөгу коопсуздук» лидерлик программасынын принциптерин (WorkSafe – Home Safe) жана «Коопсуздук техникасынын эрежелерин сактабагыдай эч бир жумуш маанилүү эмес» ураанын, ошондой эле төмөнкү милдеттенмелерди карманып келгенбиз жана карамана бермекчибиз:
Жогоруда көрсөтүлгөн милдеттенмелерди аткаруу үчүн, КГК төмөнкү милдеттерди аткарат: