“Кумтөр” компаниясы Жети-Өгүз районунун билим берүү уюмдарын бактерициддик лампалар менен камсыздады

Жарыяланган: 15 November 2021

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун 41 мектебине жана 19 бала бакчасына жардам көрсөтүп имараттын ичиндеги абаны тазалай турган бактерициддик лампаларды алып берди.

Коронавирус пандемиясы учурунда, жана ошондой эле КРВИ жана грипп мезгилинде билим берүү мекемелери балдарга коопсуз окуу режимин камсыздашы керек.  Маска менен антисептиктерден тышкары, вирустарды өлтүргөн жана бактерия менен көк датты жок кылган  атайын бактерициддик лампалар зарыл болгон.  Мындай шаймандарды билим берүү мекемелери өз алдынча сатып ала алышпайт болчу, андыктан Жети-Өгүз районунун жетекчилиги “Кумтөр” компаниясына жардам берүүсүн суранып кайрылышкан.

КГК бул кайрылууга макул болду жана  60 бактерициддик лампа сатып алды.  Бул кайрымдуулук жардам региондо COVID-19, КРВИ жана грипп менен каршы күрөшүүгө чоң салым болооруна компания ишенет.

Бул алеттер жылдырма алеттер, аларды бир класстан экинчи класска жылдырса болот. Мектептерде абаны тазалоо графиктери түзүлдү. Бул бактерициддик лампалардын дагы бир пайдалуу жагы: аларды адамдар бар жайларда да иштете берсе болот.

“Кумтөр компаниясынын жетекчилигине, айрыкча Бөлтүрүк Теңгиз Аяпбергеновичке пандемия учурунда колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирем. Сиз, биздин кайрылуубузга дароо жооп бердиңиз. Бул алеттер мектеп окуучулары арасында ооруларды азайтууга жардам берет” – деп билдирди Жети-Өгүз районунун социалдык маселелер боюнча акимдин орун басары Венера Бейшебаева.

 

 

Предыдущая публикация"Кумтөр" - Кыргыз Республикасындагы балдар спортун өнүктүрүү боюнча "Мектеп лигасы" долбоорунун башкы спонсору Следующая публикацияУлуттук илимдер академиясынын окумуштууларынан жана ЖОЖдордун өкүлдөрүнөн турган топ "Кумтөр" кен ишканасында болушту
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.