Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК
төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт
Кумтөр кенинин геологу
Билдирүүнүн номери: KGC-21-0286
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
- Уступ дубалынын структуралык жана геологиялык картага түшүрүү жана алынган натыйжаларды разрездерге, горизонталдык пландарга жана фактылардын карталарына түшүрүү;
- Ар бир забой боюнча жана жалпы карьер боюнча негизги структураларды байкоо;
- Кен жердин структуралык модели үчүн нагыз материалдардардын картасын, геологиялык жана структуралык карталарын түзүү;
- Геологиялык жана структуралык разрездерди куруу;
- Тийиштүү керектүү документтерди түзүү;
- Маалыматтардын компьютердик талдоосун аткаруу;
- Геологиялык бирдиктердин жана кыртыштардын көлөмдүү моделдерин түзүү;
- Маалымат базаларынын бардык түрлөрүн жүргүзүү;
- Атайын долбоорлорду аткаруу.
МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:
- Тоо-кен иши жана геология тармагындагы жогорку билим;
- Адистиги боюнча 2 жылдан кем эмес иш тажрыйба;
- Милдеттүү билимдер:
-Кыргыз Республикасынын жер казынасын геологиялык изилдөө, пайдалануу жана коргоо мыйзамдары жана башка ченемдик-укуктук актылары;
– тоо тектеринин курамы жана касиеттери;
– талаа материалдарын иштетүү тартиби жана методдору;
– колдонулган жабдуулардын, аппаратуралардын жана приборлордун техникалык эксплуатация эрежелери;
– тоо тектеринин үлгүлөрүн жана бардык проба түрлөрүн алуу, эсепке алуу жана сактоо эрежелери;
– геологиялык документтерди жана отчетторду тариздөө жана жүргүзүү эрежелери;
– техникалык эсептерди, графикалык жана эсептөө иштерин аткаруу методдору жана каражаттары;
– тоо тектеринин ар кандай түрлөрүнүн контурларын тактоо менен геологиялык пландарды жана разрездерди түзүү жана жаңылап туруу;
- ПКда иштей билүү (Excel, Word, Power Point);
- Коммуникативдүү, жоопкерчиликтүү, ак ниеттүү болуу, командада иштей билүү;
- Бийик тоолуу шартта ишке жарамдуу болуу;
Анкета жана резюмени 2021-жыл 19-декабрь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.
Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.
Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-21-0286.
ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.