«Кумтөр Голд Компани» Ысык-Көл облусунун кичи насыя агенттиктерине 2018-жылга каржылык ачты

«Кумтөр Голд Компани» Ысык-Көл облусунун кичи насыя агенттиктерине 2018-жылга каржылык ачты

Жарыяланган: 24 April 2018

«Балыкчы Финанс» жана «Тоң Финанс» кичи насыя агенттиктери (КНА) 2018-жылкы ишмердүүлүгүнө «Кумтөр Голд Компаниден» акчалай каражат алды. Эки агентиктик каржылык портфелдери 70 миң АКШ долларга чоңойду.
Жети-Өгүз жана Тоң райондору жана ошондой эле Балыкчы шаарынын бардык кызыкдар жашоочуларына жеке чарбасын же мал фермасын өнүктүрүү, жана ошондой эле кичи жана орто бизнесин уюштуруу максатына акчалай каражат алууга мүмкүнчүлүк берилет.
2006-жылдан баштап Компания кичи насыя мекемелерин өнүктүрүү программасына, 2018-жылкы каржылоону кошкондо 2,3 млн доллар жумшады. 2015-жылдан бери «Жети-Өгүз» КНАсы КГКнын колдоосунан көз карандысыз деңгээлге жетип, аз пайыздык насыяларды берүү менен райондордун кичи жана орто бизнестерин өнүктүрүү жана өсүүнү колдоп келет. Андан сырткары үч жылдан бери «Жети-Өгүз» КНА кызматкерлер штаты менен каражат айлануусун толук өз алдынча жүргүзүүдө.

«Кумтөр Голд Компани» үч КНАнын негиздөөчүсү жана алардын ишин чейрек сайын бир жолу өтүп туруучу отурумдарда Байкоочу Кеңештер аркылуу багыттап турат. Өндүрүш, кайра иштетүү жана кызмат көрсөтүү үчүн насыяларга пайыздык чен 12%, айыл чарба айланасындагы долбоорлорго 10% түзөт. КНАнын түзүлгөнүнөн баштап 865 млн сомго жакын суммага 6900 насыя берилген жана ошону менен бирге өрөөндөрдө 3000 жумуш орундары түзүлгөн.
«Облустун кичи ишкерлери менен фермерлерин чакан насыялоо программасы 2006-жылдан ишке ашырылып келет жана Ысык-Көл облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган. Кичи насыя агенттиктер ишин кеңейтүүнү каалаган баардык кызыкдар жашоочуларга акчалай каражатын жеткиликтүү кылат. Биз кичи насыялар программанын ийгилигине ишенебиз жана компания өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзгөн облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган долбоорлорду колдоого дайым даярбыз» – деп белгиледи, туруктуу өнүктүрүү боюнча директору Актилек Түнгатаров.