Жарыяланган: 30 April 2026
Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу Элчиси Лесли Вигери Кумтөр кен жайына барды.
Таанышуу сапарынын алкагында дипломат Борбордук карьерде болуп, оор тоо-кен техникаларын оңдоочу цехтин жана алтын ылгоочу фабриканын иши менен таанышты.
Ошондой эле, Лесли Вигери Кумтөр кен жайында көп жылдардан бери ийгиликтүү колдонулуп келе жаткан америкалык Caterpillar компаниясынын оор тоо-кен техникаларынын иштешин көрүп чыкты.
Иш сапардын жыйынтыгында тараптар өз ара кызматташтыкты арттырууга кызыкдар экендиктерин белгилешти.