Жарыяланган: 25 June 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 6-июлу, саат 14:00 (Бишкек убактысы боюнча).
Жабык акционердик коом «Кумтор Голд Компани» Сизди дрондорду жана квадрокоптерлерди диагностикалоо, оңдоо жана техникалык тейлөө кызматтарын көрсөтүү боюнча котировкалар (баа сунуштары) суроосуна катышууга чакырат.
Сатып алуунун предмети
Учкучсуз учуучу аппараттарды (дрондорду жана квадрокоптерлерди) диагностикалоо, оңдоо жана техникалык тейлөө боюнча кызматтарды көрсөтүү, алардын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу максатында, техникалык тапшырманын талаптарына ылайык (№1 тиркеме).
| Бөлүм | Маалымат |
| Тапшыруунун форматы | Катышуу үчүн арыз жана башка документтер келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укуктуу жак тарабынан кол коюлушу керек. Бардык документтер кол коюлуп, PDF форматында сунушталууга тийиш. |
| Сунуштарды берүү тартиби | Катышуучулар ушул сурамдын талаптарына ылайык орус же кыргыз тилдеринде катышууга арыз даярдап, бардык керектүү документтерди тиркеп, электрондук түрдө marlen.turatbekov@kumtor.kg дарегине жөнөтүшү керек. |
| Сунуштарды берүү мөөнөтү | 2026-жылдын «06» июлу, саат 14:00гө чейин. |
| Техникалык тапшырма | Техникалык тапшырма ушул документтин ажырагыс бөлүгү болуп саналат (№1 тиркеме). |
| Коммерциялык сунуштун курамы | – кызматтарды аткаруу мөөнөттөрү; – кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын толук баяндалышы; – кызматтардын баасы; – төлөм шарттары; – сунуштун жарактуу мөөнөтү (кеминде 30 календардык күн); – кепилдик милдеттенмелери. |
| Кызмат көрсөтүүгө коюлган негизги талаптар | Аткаруучу төмөнкүлөрдү камсыз кылышы керек: – БПЛАны диагностикалоо жүргүзүү; – оңдоо иштерин аткаруу; – оңдоодон кийин өлчөө жабдууларынын текшерүүсүн жүргүзүү; – аткарылган иштер боюнча акт берүү; – жабдуунун толук ишке жарамдуулугун калыбына келтирүү. |
| Баалоо критерийлери | – эң төмөн баа; – иштерди аткаруунун оптималдуу жана заказчы менен макулдашылган мөөнөттөрү. |
| Сунуштарды жөнөтүү | Электрондук каттын темасында: «Баа сунуштары — БПЛА оңдоо жана тейлөө» деп көрсөтүлүшү керек. Сунуштар marlen.turatbekov@kumtor.kg дарегине 2026-жылдын «06» июлуна чейин жөнөтүлөт. |
| Заказчынын укуктары | Заказчы төмөнкү укуктарды өзүндө сактайт: – каалаган сунушту кабыл алуу же четке кагуу; – келишим түзүлгөнгө чейин тандоо процессин токтотуу, катышуучулар алдында милдеттенмесиз. |
| Маанилүү шарттар | – Белгиленген мөөнөттөн кеч берилген сунуштар каралбайт; – ар бир катышуучу бир гана коммерциялык сунуш бере алат; – сунуш берилгенден кийин өзгөртүүлөр киргизүүгө жол берилбейт. |
| Коммерциялык сунушту тариздөө талаптары | Коммерциялык сунуш: – катышуучунун расмий бланкында даярдалышы керек; – ЖАК «Кумтор Голд Компани» дарегине багытталат; – ыйгарым укуктуу жак тарабынан кол коюлат; – мөөр менен бекитилет (эгер бар болсо); – PDF форматында сунушталат. |
| Кошумча шарттар | Белгиленген мөөнөттөн кеч берилген коммерциялык сунуштар кабыл алынбайт. Сунуш берүү менен катышуучу бардык талаптарга макул экендигин билдирет. Сунуштун жарактуу мөөнөтү кеминде 30 календардык күн болушу керек. |
| Суроолор жана түшүндүрмөлөр | Бардык суроолор marlen.turatbekov@kumtor.kg дарегине жөнөтүлөт. Тактоо боюнча кайрылуулар сунуш берүү мөөнөтү бүткөнгө чейин кеминде 3 календардык күн мурда жөнөтүлүшү керек. |