Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК
төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт
Крандын машинисти (Кумтөр кени)
Билдирүүнүн номери: KGC-22-181
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
- Белгиленген коопсуздук эрежелерин сактоо менен автомобилдик кранды башкаруу;
- Жүктөрдү жүктөө, түшүрүү, строповкалоо жана коопсуз жылдыруу жана алардын сакталышын камсыздоо;
- Имараттар менен курулмаларды монтаждоо;
- Жүктөөчү жана жүк түшүрүүчү машиналардын техникалык мүнөздөмөлөрүнө жана пайдалануу инструкциясына ылайык автокранды тейлөө жана эксплуатациялоо;
- Крандын жана анын механизмдеринин бузулууларын аныктоо.
МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР:
- Атайын орто билим;
- Адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш тажрыйба;
- Автомобилдик крандын машинистинин күбөлүгү болуу;
- Билимдери:
– крандарды жана алардын механизмдерин түзүлүшү, техникалык мүнөздөмөлөрү жана эксплуатация эрежелери;
– жүктөрдү коопсуз строповкалоо ыкмалары;
– жүктөрдү жыюу тартиби;
– коргоо чөлкөмүндө кранды коопсуз иштетүү жана орнотуу эрежелери;
– стропаларды жана башка жүк бекитүүчү шаймандарды туура тандоо, жана алардын жумушка жарактуулугун аныктоо эрежелери;
- Сырткы көрүнүшү боюнча жүктүн массасын аныктоо жөндөмү;
- Бийик тоолуу аймакта жана ири жүк көтөрүүчү крандарда иш тажрыйбасы болуу кубатталат.
Анкета жана резюмени 2022-жыл 22-июнь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.
Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот: (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf)
Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-22-181.
ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.