Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК
төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт
Келишимдик мамилелер боюнча башкы адис (Бишкек офиси)
Билдирүүнүн номери: KGC-21-0153
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
- Ички регулятивдик документтерди даярдоо;
- Келишимдердин жана макулдашуулардын долбоорлорун даярдоо;
- Документтердин юридикалык экспертизасы;
- Келишимдик укук тууралуу консультация берүү;
- Сатып алууларда, келишим түзүүдө, аткарууда жана келишимди бузууда укуктук коштоо, контрагенттер менен доо-талаштар боюнча иш жүргүзүү.
МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:
- Жогорку юридикалык билим (күндүзгү формасында окуу);
- Адистиги боюнча 5 жылдан кем эмес иш тажрыйба;
- Билимдери жана көндүмдөрү:
– чарбалык келишимдерди даярдоо жана юридикалык экспертиза жүргүзүү;
– доомат иштери;
– локалдык актыларды иштеп чыгуу;
– контрагенттердин, мамлекеттик органдардын катышуусу менен укуктук маселелерди чечүү;
– кат жүзүндөгү документтерди даярдоо, укуктук, компьютердик жана издөө системалар менен иштөө;
– Кыргыз Республикасынын жарандык, административдик, процесстик, жер жана экологиялык мыйзамдарын билүү;
- Кыргыз жана орус тилдерин мыкты билүү (англис тилин билүү артыкчылык болуп эсептелет);
- Жоопкерчиликтүү, коммуникабелдүү, стресске туруктуу, командада жана өз алдынча иштей билүү;
Анкета жана резюмени 2021-жыл 28-ноябрь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.
Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.
Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-21-0153.
ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.