«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» ЖАК ҮЧҮН ERP ТУТУМУН КИРГИЗҮҮ БОЮНЧА КЫЗМАТТАРДЫ КӨРСӨТҮҮ

«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» ЖАК ҮЧҮН ERP ТУТУМУН КИРГИЗҮҮ БОЮНЧА КЫЗМАТТАРДЫ КӨРСӨТҮҮ

Жарыяланган: 28 October 2026

КОНКУРСТУК АРЫЗДАРДЫ ТАПШЫРУУ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 9-ноябры, саат 14:00 чейин (Бишкек убактысы боюнча).


«Кумтөр Голд Компани» ЖАК сизди «Кумтөр Голд Компани» ЖАК үчүн ERP тутумун киргизүү боюнча кызматтарды көрсөтүүгө баа сунуштарын берүү суроо-талабына катышууга чакырат.

Сатып алуунун предмети ERP тутумун киргизүү боюнча кызматтарды көрсөтүү.
Техникалык тапшырма: Техникалык тапшырма ушул баа сунуштарын суроо–талабынын ажырагыс бөлүгү болуп саналган № 1 тиркемеде келтирилген.
Берүү форматы: Катышуу табыштамасы жана башка документтер табыштамага жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлушу керек.

Документтер мөөр менен бекитилип, PDF форматында берилүүгө тийиш. (Баалар таблицасы кошумча түрдө .xlsx форматында да берилиши керек.)

Кол коюучунун ыйгарым укуктары ишеним кат же тиешелүү документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен ырасталышы керек.

Сунуштарды берүү тартиби

 

Конкурстун катышуучулары конкурстун талаптарына ылайык орус тилинде катышууга табыштама берип, зарыл документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, аларды электрондук түрдө Aknazar.Kabylbekov@kumtor.kg электрондук дарегине 2026-жылдын 9-ноябры Бишкек убактысы боюнча саат 14:00гө чейин жөнөтүү керек.

Башка электрондук почта дарегине келип түшкөн коммерциялык сунуштар каралбайт.

Катышуучу Техникалык тапшырмада жана ага тиркелген документтерде каралган ERP-тутумун киргизүү боюнча иштердин толук көлөмүн эске алуу менен, программалык камсыздоонун жана киргизүү кызматтарынын наркын өзүнчө көрсөтүп, коммерциялык сунуш бериши керек.

Катышууга табыштама төмөнкү документтерди камтышы керек:

 

Коммерциялык сунушта төмөнкүлөр эске алынышы керек:

∙ ERP-тутумун киргизүүнүн планы жана баскычтары;

∙ иштерди аткаруунун мөөнөттөрү;

∙ отчеттук материалдардын жана иштердин натыйжаларынын тизмеси;

∙ төлөө шарттары;

∙ коммерциялык сунуштун жарактуулук мөөнөтү (кеминде 30 календардык күн, мүмкүн болушунча максималдуу мөөнөт);

∙ Компаниянын документтерине жеткиликтүүлүк алганга чейин Купуя маалыматты ачыкка чыгарбоо жөнүндө макулдашууга (NDA) кол коюуга даяр экендигин ырастоо.

Жеткирилүүчү товарларга, аткарылуучу иштерге жана көрсөтүлүүчү кызматтарга коюлган талаптар

 

Техникалык тапшырмага жана ага тиркелген документтерге ылайык Компаниянын негизги бизнес-процесстерин автоматташтыруу жана интеграциялоо үчүн ERP-тутумун киргизүү.

Чечим Буйрутмачынын серверлерине (On-Premise) жайгаштырылууга тийиш. Иштер тутумду жөнгө салууну, зарыл болгон маалыматтарды көчүрүүнү (миграциялоону), тестирлөөнү жана колдонуучуларды окутууну камтыйт.

Иштердин жыйынтыгы боюнча Аткаруучу киргизилген ERP-тутумун жана Техникалык тапшырмада каралган документацияны өткөрүп бериши керек.

Кабыл алуу Техникалык тапшырмага жана макулдашылган техникалык спецификацияларга шайкештик боюнча жүргүзүлгөн сыноолордун жыйынтыгынын негизинде жүзөгө ашырылат. Иштердин баскычтары жана кабыл алуу-өткөрүү сыноолору долбоорду ишке ашыруу планы менен аныкталат; техникалык колдоо көрсөтүүнүн шарттары келишим түзүүдө өзүнчө макулдашылат.

Валюта:
Резиденттер коммерциялык сунушту улуттук валютада, чет өлкөлүк валютанын курсуна байланыштырылбаган түрдө бериши керек.

Резидент эместер коммерциялык сунушту каалаган валютада берүүгө укуктуу.

Баалоо критерийлери: Техникалык тапшырманын талаптарына жооп берген, ERP-тутумдарын киргизүү боюнча тиешелүү тажрыйбага ээ болгон, квалификациялуу адистери бар жана эң оптималдуу шарттарды сунуштаган катышуучуга артыкчылык берилет.
«КС ERP-тутумун киргизүү боюнча» темасы көрсөтүлгөн сунушту [email protected] электрондук почтасына 2026-жылдын 9-ноябры Бишкек убактысы боюнча саат 14:00гө чейин жөнөтүү керек.
Буйрутмачы кайсы бир же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле Келишим ыйгарылганга чейин каалаган убакта тандоо процессин жокко чыгарууга укуктуу жана мында тиешелүү катышуучулар алдында эч кандай милдеттенме албайт.
Конкурстук сунуш расмий бланкта болушу керек.
Көрсөтүлгөн мөөнөттөрдөн кийин тандоо катышуучулары тарабынан берилген конкурстук сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.

Өз сунушун берүү менен Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макулдугун билдирет.

Тандоонун ар бир катышуучусу бир гана конкурстук сунуш бере алат.

Коммерциялык сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 30 календардык күн болуш керек.

Конкурстук сунуштун жарактуу мөөнөтүндө ага өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Ушул конкурс боюнча бардык суроолор электрондук почта аркылуу төмөнкү дарекке жөнөтүлүшү керек: [email protected]
Тандоонун шарттарын түшүндүрүү боюнча суроо-талаптар сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү келгенге чейин 3 календардык күн мурда жөнөтүлүшү керек.

 

БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР