«КУМТӨР» КЕНИНДЕГИ ЖАҢЫ ЛАГЕРЬ КУРУУ ЖАНА ИНЖЕНЕРДИК ИНФРАСТРУКТУРАСЫ МЕНЕН УЧУРДАГЫ ЛАГЕРДИ ТӨМӨНКҮ АЯНТЧАГА ЭТАПТАР МЕНЕН КӨЧҮРҮҮ» ДОЛБООРУНУН АЛКАГЫНДА ИНЖЕНЕРДИК-ГЕОЛОГИЯЛЫК ИЗИЛДӨӨЛӨРДҮ ЖҮРГҮЗҮҮ БОЮНЧА КЫЗМАТТАРДЫ АТКАРУУ

«КУМТӨР» КЕНИНДЕГИ ЖАҢЫ ЛАГЕРЬ КУРУУ ЖАНА ИНЖЕНЕРДИК ИНФРАСТРУКТУРАСЫ МЕНЕН УЧУРДАГЫ ЛАГЕРДИ ТӨМӨНКҮ АЯНТЧАГА ЭТАПТАР МЕНЕН КӨЧҮРҮҮ» ДОЛБООРУНУН АЛКАГЫНДА ИНЖЕНЕРДИК-ГЕОЛОГИЯЛЫК ИЗИЛДӨӨЛӨРДҮ ЖҮРГҮЗҮҮ БОЮНЧА КЫЗМАТТАРДЫ АТКАРУУ

Жарыяланган: 03 September 2026

АРЫЗ БЕРҮҮ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 10-сентябры, саат 14:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча).


«Кумтөр Голд Компани» ЖАК сизден «Кумтөр» кениндеги жаңы лагерь куруу жана инженердик инфраструктурасы менен учурдагы лагерди төмөнкү аянтчага этаптар менен көчүрүү» долбоорунун алкагында инженердик-геологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча кызматтарды аткарууга баа сунуштарын берүүнү өтүнөт.

Табыштамаларды берүү форматы: Табыштама (Коммерциялык сунуш) жана башка документтер табыштамага жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлушу керек. Документтерге мөөр басылып, PDF форматында берилүү керек. Кол коюучунун ыйгарым укуктары ишеним кат же тиешелүү документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен ырасталышы керек.
Сунуштарды берүү тартиби Баа сунуштарынын катышуучулары тиркелген Техникалык тапшырманын талаптарына ылайык орус тилиндеги коммерциялык сунушту даярдап, зарыл документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп жана аларды электрондук түрдө [email protected] электрондук дарегине 2026-жылдын 10-сентябры саат 14:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) жөнөтүү керек.

Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч же башка электрондук почта дарегине келип түшкөн коммерциялык сунуштар каралбайт.

Катышуу табыштамасы төмөнкү документтерди камтышы керек: Төмөнкүлөрдү эске алуу менен даярдалган коммерциялык сунуш:

∙ Кызматтарды көрсөтүү мөөнөттөрү;

∙ Төлөм шарттары;

∙ Коммерциялык сунуштун жарактуулук мөөнөтү (кеминде 60 календардык күн);

∙ Техникалык тапшырманын шарттарына ылайык.

Коммерциялык сунушту [email protected] электрондук дарегине 2026-жылдын 10-сентябры саат 14:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) жөнөтүү керек.
Буйрутмачы кандайдыр бир же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле тандоо жол-жобосун каалаган убакта токтотууга укуктуу жана мында тиешелүү катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме тартпайт.
Коммерциялык сунуш расмий бланкта даярдалышы керек.
Ар бир тандоонун катышуучусу бир гана коммерциялык сунуш бере алат.

Коммерциялык сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 40 календардык күн болууга тийиш.

Сунуштун жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде коммерциялык сунуштарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Ушул тандоо боюнча бардык суроолорду [email protected] электрондук дарегине жөнөтүү керек.

Тандоонун шарттары боюнча түшүндүрмө алуу үчүн суроо-талаптар сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү келгенге чейин кеминде 3 календардык күн мурда жөнөтүлүүгө тийиш.

 

ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА