Жарыяланган: 29 April 2026
АРЫЗДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУНУН МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 15-майы, саат 14:00 (Бишкек убактысы боюнча).
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК Сиздерди Liebherr жана Zoomlion маркасындагы крандар үчүн оригиналдуу запастык бөлүктөрдү жана чыгымдалуучу материалдарды жеткирүү боюнча котировкаларга катышууга чакырат.
| Тапшыруу форматы: | Арыз жана башка документтер арызга жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюу ыйгарым укугу бар адам тарабынан кол коюлушу керек. Документтер мөөр менен бекитилип, PDF жана милдеттүү түрдө Excel форматында тапшырылышы зарыл. Кол коюучунун ыйгарым укуктары ишеним кат же тиешелүү документтердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен тастыкталышы керек. |
| Сунуштарды тапшыруу тартиби
|
Конкурстун катышуучулары коммерциялык сунушун электрондук форматта liebherrzoomlion2026@kumtor.kg дарегине 2026‑жылдын 15‑май күнү саат 14:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча GMT+6) жөнөтүшү керек.
Сатып алынуучу запастык тетиктердин тизмеси тиркелет. |
| Конкурска катышуу арызы төмөнкү документтерди камтышы керек: | Коммерциялык сунуш төмөнкүлөрдү эске алуу менен:
– Жеткирүү мөөнөттөрү: жеткирүү мөөнөтү канчалык кыска болсо, баалоо учурунда ошончолук артыкчылык берилет. – Жеткирүү шарттары: – DAP Balykchy (резидент эмес катышуучулар үчүн), Кыргыз Республикасы, Ысык‑Көл облусу, Балыкчы ш., Нарын жолу, 9; – EXW (резидент эмес катышуучулар үчүн) — коммерциялык сунушта көрсөтүлгөн жеткирүүчүнүн жайгашкан жери боюнча; – DDP Balykchy (резиденттер үчүн), Кыргыз Республикасы, Ысык‑Көл облусу, Балыкчы ш., Нарын жолу, 9. – Төлөм шарттары: алдын ала төлөм каралган учурда, жеңүүчү компания алдын ала төлөмдүн суммасынан кем эмес өлчөмдө банктык кепилдик тапшырышы керек, ал сатып алуучу уюмдун банкы тарабынан SWIFT системасы аркылуу ырасталууга тийиш. – Өндүрүүчү тууралуу маалымат. Коммерциялык сунуштун жарактуулук мөөнөтү: кеминде 60 күн. |
| Балоо критерийлери: | Эң төмөнкү бааны жана жеткирүү үчүн оптималдуу мөөнөттөрдү камтыган сунуш тандоодон өткөн деп эсептелет. |
| Сунушта теманы көрсөтүү зарыл: «Кран үчүн запастык бөлүктөр жана чыгымдалуучу материалдар». Сунуштар liebherrzoomlion2026@kumtor.kg электрондук дарегине 2026‑жылдын 15‑майына чейин, саат 14:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча (GMT+6) жөнөтүлүшү керек. | |
| Буйрутмачы каалаган сунушту кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле келишим берилгенге чейин тандоо процессин каалаган убакта жокко чыгарууга укуктуу жана бул үчүн тиешелүү катышуучулар алдында эч кандай милдеттенмелерди албайт. | |
| Конкурстук сунуштар расмий бланкта болушу керек. | |
| Тандоо катышуучулары тарабынан белгиленген мөөнөттөн кеч тапшырылган конкурс сунуштары кабыл алынбайт жана каралбайт.
Сунушун тапшыруу менен Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макулдугун билдирет. Ар бир катышуучу бир гана конкурстук сунушун бере алат. Конкурстук сунуштун мөөнөтү кеминде 60 календардык күн болушу керек. Конкурстук сунуштун мөөнөтү ичинде ага өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт. |
|
| Бул конкурс боюнча бардык суроолор төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүлүшү керек: Askar.Adambekov@kumtor.kg (ӨТӨ МААНИЛҮҮ! Коммерциялык сунуштарды бул дарекке жөнөтпөңүз!) | |
Тиркемелер: