КУМТӨР КЕНИНДЕГИ ОБЪЕКТТЕРДИН АСТЫН (ТҮБҮН) ТЫГЫЗДОО БОЮНЧА ЖЕР ИШТЕРИН АТКАРУУ

КУМТӨР КЕНИНДЕГИ ОБЪЕКТТЕРДИН АСТЫН (ТҮБҮН) ТЫГЫЗДОО БОЮНЧА ЖЕР ИШТЕРИН АТКАРУУ

Жарыяланган: 18 November 2025

СУНУШТАРДЫ ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2025-жылдын 26-ноябры, Бишкек убактысы боюнча саат 11:00 чейин.


«Кумтор Голд Компани» ЖАК Кумтөр кениндеги объекттердин астын (түбүн) тыгыздоо боюнча жер иштерин аткарууга эки пакеттик ыкма менен чектелбеген катышуу менен конкурс жарыялайт.

Конкурска катышуучулар өз конкурсдук сунуштарын тиешелүү формаларды толтуруу жана талап кылынган документтерди тиркөө менен 2025-жылдын 26-ноябрынын саат 11:00гө чейин электрондук түрдө тапшыруусу керек.

Конкурстук сунуш конкурс сунушун кепилдеген декларация түрүндөгү кепилдик менен кошо берилүүгө тийиш.

Конкурстук сунуш 30 календардык күн ичинде жарактуу болушу керек. Конкурстук документтер боюнча кошумча маалымат же түшүндүрмө алуу үчүн 2025-жылдын 24-ноябрында саат 12:00гө чейин, конкурс сунуштарын тапшыруунун акыркы мөөнөтүнө 3 иш күн калганга чейин, Gulnur.Shirdakova@kumtor.kg электрондук дарегине суроолорду жөнөтүү зарыл. Сатып алуучу уюм өз көзөмөлүнөн тышкаркы жагдайлардан улам келип чыккан кечиктирүүлөр үчүн жоопкерчилик тартпайт.

Тапшыруу форматы: Конкурстук сунушка жана башка документтерге конкурстук сунушка жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга укугу бар адам тарабынан кол коюлушу керек. Документтер мөөр менен бекитилип, PDF форматында тапшырылышы керек. Кол коюу укугу ишеним кат же тиешелүү документтердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен тастыкталышы керек.

Конкурстук сунушту даярдоонун алдында катышуучу «Конкурстук сунушту даярдоо боюнча көрсөтмө» менен таанышып чыгышы керек (1-тиркеме).

Конкурс эки этапта өткөрүлөт жана ар бир этап үчүн эки өзүнчө кат даярдоо зарыл.

Квалификациялык документтер жана финансылык сунуш бир убакта, бирок ар башка каттар менен берилет:

Биринчи кат (биринчи этап үчүн) квалификациялык жана техникалык документтер менен берилет. Темасында «Квалификациялык документтер _ жер иштери» деп көрсөтүлөт.

Экинчи кат (экинчи этап үчүн) финансылык сунуш менен берилет. Темасында «Финансылык сунуш _ жер иштери» деп көрсөтүлөт.

Квалификациялык жана техникалык сунуштарды тапшыруу тартиби 1-этап: Квалификациялык жана техникалык бөлүгү
Конкурстун катышуучулары конкурстун талаптарына ылайык сунуштарын орус тилинде жана тиешелүү документтердин көчүрмөлөрүн электрондук түрдө zemraboty2@kumtor.kg дарегине 2025-жылдын 26-ноябры, Бишкек убактысы боюнча саат 11:00гө чейин жөнөтүшү керек.

Техникалык тапшырма тиркелет (8-тиркеме).

Конкурска катышуу сунушу төмөнкү документтерди камтышы керек: Конкурска катышууга кызыгууну тастыктаган кат (2-тиркеме)
Юридикалык жакты каттоо күбөлүгүнүн скан көчүрмөсү
Негизги ишмердүүлүктү аныктаган документтин (Устав) жана жетекчи катары дайындоо чечиминин скан көчүрмөсү
Салык жана социалдык төлөмдөр боюнча карыздын жоктугу тууралуу маалымкат (акыркы отчеттук күнгө)
2023–2024-жылдар үчүн каржылык отчеттордун скан көчүрмөлөрү:

Бухгалтердик баланс

Киреше жана чыгаша тууралуу отчет

Акча каражаттарынын кыймылы тууралуу отчет

Капиталдын өзгөрүшү тууралуу отчет

Же болбосо 2023–2024-жылдар үчүн Бирдиктүү Салык Декларациясы

Адалдык декларациясы (формасы тиркелген; 3-тиркеме)
Конкурстук сунушту кепилдеген декларация (4-тиркеме)
Техниканын маалыматы (техникалык мүнөздөмөлөрү, каттоо документтери, тейлөө тарыхы, сүрөттөрү)
Иштеп жаткан кызматкерлер жана инженердик-техникалык кызматкерлер тууралуу маалымат, тажрыйбасы (5-тиркеме)
Ишкер өнөктөштөрдүн тизмеси, аткарылган иштер жана сунуштар (5-тиркеме)
Техникалык талаптар Виброкаток 18 тоннадан кем эмес, 2017-жылдан кийин чыгарылган болушу керек.
Техникаларда стационардык рациялар жана ИТР кызматкерлеринде көчмө рациялар болушу керек
Техникаларда жарык берүүчү маяктар болушу керек
2025-жылы 8–9 миң м³, 2026-жылы 100 миң м³ жана андан көп көлөмдөгү иштерди аткаруу үчүн оператор менен бир же эки сменада иштей турган 1 виброкаток талап кылынат
Биринчи этапты баалоо критерийлери: 1-этаптан өткөн сунуштар — бардык квалификациялык талаптарга жооп берген жана толук документтерди тапшырган сунуштар.

Катышуучулар техникалык тапшырмага ылайык квалификациялык жана техникалык маалыматтарды тастыктоо үчүн талап кылынган бардык документтерди берүүгө милдеттүү.

Финансылык сунуштарды тапшыруу тартиби 2-этап: Финансылык бөлүгү
  Финансылык/коммерциялык сунуш пароль менен корголгон архивде тапшырылышы керек (7-тиркеме). Сыр сөз (Пароль) конкурстун жооптуу адамына сурам жөнөтүү менен берилет.

Сыр сөз (Пароль) кеминде 8 белгиден турушу керек жана төмөнкүлөрдү камтышы керек: 1 сан, 1 символ, 1 баш тамга жана 1 кичине тамга.

Финансылык/коммерциялык сунуш расмий бланкта ЗАО «Кумтор Голд Компани» дарегине багытталып, баа, аткаруу мөөнөтү жана төлөм шарттары көрсөтүлүшү керек.

квалификациялык жана техникалык талаптарга жооп берген катышуучулар дан гана Сыр сөз (Пароль) суралат.

Эгер Финансылык/коммерциялык сунуш сырсөзү жок же квалификациялык документтер менен кошо берилсе, сатып алуучу уюмдун конкурстук комиссиясы маалыматтын сактыгына жоопкерчилик албайт.

Баалар боюнча талаптар 11 сааттык бир сменада оператор менен иштөө үчүн «баары камтылган» принципте коммерциялык сунуш:

  • Салыктар жана милдеттүү төлөмдөр
  • Техниканы мобилизациялоо жана демобилизациялоо
  • Техниканын амортизациясы
  • Техниканы пайдалануу
  • Администратор/мастер жана оператор
  • Айлык акы жана кошумча төлөмдөр
  • Накладной чыгымдар
  • Пайда ж.б.
Катышуу сунушу темасын көрсөтүү менен zemraboty2@kumtor.kg дарегине 2025-жылдын 26-ноябры, саат 11:00гө чейин жөнөтүлүшү керек.

Биринчи кат (биринчи этап үчүн) квалификациялык жана техникалык документтер менен берилет. Темасында «Квалификациялык документтер _ жер иштери» деп көрсөтүлөт.

Экинчи кат (экинчи этап үчүн) финансылык сунуш менен берилет. Темасында «Финансылык сунуш _ жер иштери» деп көрсөтүлөт.

Заказчы, келишим берилгенге чейин, катышуучулардын сунушун кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле конкурс процессин каалаган убакта токтотууга укуктуу
Сунуш расмий бланкта болушу керек
Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч тапшырылган сунуштар кабыл алынбайт.

Сунушту тапшыруу менен катышуучу Компаниянын бардык талаптарына макул экенин билдирет.

Ар бир катышуучу бир гана конкурс сунушун тапшыра алат.

Сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 30 календардык күн болушу керек.

Сунуштун жарактуулук мөөнөтүндө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө болбойт.

Кызмат көрсөтүү келишиминин долбоору таанышуу үчүн берилет (6-тиркеме). Бул долбоор акыркы эмес жана конкурстун жыйынтыгына жараша өзгөртүлөт.

Конкурска байланыштуу бардык суроолор жана түшүндүрмөлөрдү сураган каттар gulnur.shirdakova@kumtor.kg дарегине акыркы тапшыруу мөөнөтүнө 3 календардык күн калганда жөнөтүлүшү керек.

Конкурска байланыштуу бардык суроолор жана түшүндүрмөлөрдү сураган каттар gulnur.shirdakova@kumtor.kg дарегине акыркы тапшыруу мөөнөтүнө 3 календардык күн калганда жөнөтүлүшү керек.
Келишим техникалык тапшырмага жана тандоо шарттарына жооп берген, 1 жана 2 этаптан өткөн, эң төмөн бааны сунуштаган катышуучуга берилет

 

Тиркемелер: 

ВСЕ ПРИЛОЖЕНИЯ ТУТ