«КУМТОР ГОЛД КОМПАНИ» ЖАК КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН БАЛДАРЫ ҮЧҮН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БЕЛЕК ТОПТОМДОРУН ЖЕТКИРИП БЕРҮҮ БОЮНЧА
Жарыяланган: 06 November 2025
СУНУШТАРДЫ ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2025-жылдын 17-ноябры, Бишкек убактысы боюнча саат 11:00 чейин.
Урматтуу мырзалар жана айымдар,
«Кумтор Голд Компани» ЖАК (Тапшырыкчы) укуктуу жеткирип берүүчүлөрдү «Кумтор Голд Компани» ЖАКнын кызматкерлеринин балдары үчүн жаңы жылдык белек топтомдорун жеткирип берүүгө бир этаптуу эки пакеттүү конкурска катышууга жана Техникалык тапшырмага ылайык лот боюнча конкурстук өтүнмөнү берүүгө чакырат:
- № 1 лот – Балдар үчүн жаңы жылдык белек топтомдору.
Сиздин сунушуңузга тиркелүүчү документтер, тиркемелер жана баа сунуштары менен коммерциялык сунуштарга кол кобу укугуна жана келишим боюнча милдеттенмелерге бардык ыйгарым укуктарга ээ болгон адам (адамдар) кол коюуга тийиш, ал мөөр менен бекитилиши керек, документтерди берүү форматы PDF.
Адамдын документтерге кол коюуга ыйгарым укуктары ишеним кат менен тастыкталышы же анын ыйгарым укуктарын тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрү менен күбөлөндүрүлүшү керек.
Тандоого катышууну каалагандардын бардыгы Чакынуунун №1, №2, №3 тиркемелерине ылайык формаларды толтурууга, талап кылынган документтердин көчүрмөлөрүн тиркөөгө жана электрондук түрдө podarki2025@kumtor.kg электрондук почтасына жөнөтүүгө тийиш.
Катышуучулар конкурска катышууга Өтүнмөсүн электрондук почта боюнча бир же бир нече кат менен берет, алардын өлчөмү 25mb ашпоого тийиш.
Билдирүү биринчи пакеттин «[компаниянын аталышы] квалификациялык жана техникалык сунуштары»; экинчи пакет үчүн «[компаниянын аталышы] баа сунушу» темасына ээ болушу керек, алар төмөнкү дарекке жөнөтүлөт:
Конкурстук өтүнмөнү берүү тартиби
Катышуучулар документтерди өзүнчө эки пакетте беришет:
- №1 пакет – квалификациялык жана техникалык сунуштар (паролсуз берилет);
- №2 пакет – коммерциялык сунуш (файлга кирүү мүмкүндүгү пароль аркылуу болушу керек жана биринчи этапта ачылбайт, паролду электрондук почта аркылуу тапшырыкчынын суроо-талабынан кийин жөнөтүү керек).
1. Биринчи этап – Квалификациялык жана техникалык сунуштарды баалоо
- Квалификациялык жана техникалык баалоо камтыйт:
- Иш тажрыйбасын талдоо (3 миллион сомдон кем эмес суммада акыркы эки жылдагы келишимдердин көчүрмөсү);
- Берилген документтердин Техникалык тапшырмадагы талаптарга шайкештигин текшерүү;
- Салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жоктугу жөнүндө маалым каттардын сканерленген көчүрмөлөрү (МСК, Соц. фонд);
- КР Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоо же кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн / маалым каттын түп нускасынын сканерленген көчүрмөсү (жеке ишкерлер үчүн ЖИ катары каттоо жөнүндө күбөлүк же колдонуудагы патенттин көчүрмөсү. Мында иш түрү сатып алуу предметине дал келиши керек);
- Уставдын түп нускасынын сканерленген көчүрмөсү (юридикалык жактар үчүн);
- Адамдын документтерге кол коюуга ыйгарым укуктарын тастыктаган ишеним кат же башка документ;
- Кол коюучу адамдын паспортунун сканерленген көчүрмөсү (жеке ишкерлер үчүн);
- Ыйгарым укуктуу орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн. 2023 жана 2024-жылдардагы бардык тиркемелери менен бухгалтердик баланстын түп нускасынын сканерленген көчүрмөсү (кирешелеп жана чыгашалар жөнүндө отчет, капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет, акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет) жана БСД (акыркы 2 жылдагы Бирдиктүү салык декларациясы);
- Катышуучунун соттук териштирүүлөргө катышканы жөнүндө маалымат (Чакыруунун №2 тиркемесинин формасы боюнча);
- Конкурстук өтүнмөнү кепилдеген декларация (Чакыруунун №2 тиркемесинин формасы боюнча);
- Ак ниеттүүлүк жана коррупцияга каршы эскертме декларациясы (Чакыруунун №3 тиркемесинин формасы боюнча).
1.2. Биринчи этаптын жыйынтыктары боюнча экинчи этапка өткөрүлгөн катышуучулардын тизмеси түзүлөт.
1.3. Төмөнкү катышуучулар экинчи этапка өткөрүлбөйт:
- толук документтердин пакетин бербеген;
- коммерциялык сунушту биринчи пакет менен берген же суроо-талапка чейин паролду жөнөткөн;
- тапшырыкчы сурагандан кийин экинчи пакеттин паролун бербеген учурда;
- кол коюлган конкурстук өтүнмөнү кепилдеген декларация жок болгон учурда (Чакыруунун №2 тиркемесинин формасы боюнча);
- кол коюлган ак ниеттүүлүк жана коррупцияга каршы эскертме декларациясы жок болгон учурда (Чакыруунун №3 тиркемесинин формасы боюнча);
- чакырууда көрсөтүлгөн убакыт өткөндөн кийин документтерди берген.
- Тапшырыкчынын коопсуздук кызматында жана финансы бөлүмүндө аккредитациядан өтпөгөн.
1.4. Тапшырыкчы өзүнүн кароосу боюнча көчмө инспекцияны өткөрүшү мүмкүн.
2. Экинчи этап – Конкурстук өтүнмөлөрдү баалоо
2.1. Биринчи этаптан ийгиликтүү өткөн катышуучулардын гана экинчи этапка катышуусуна жол берилет.
2.2. Катышуучунун баа сунушу так Чакыруунун №4 тиркемесине ылайык форма боюнча толтурулат.
Эгерде конкурстун катышуучусу баа сунушун Чакыруунун №4 тиркемесинде белгиленген формага ылайык эмес жөнөтсө, анын өтүнмөсү четке кагылат.
2.3. Баа/сапат катышы боюнча эң жакшы шарттарды сунуштаган катышуучу жеңүүчү деп таанылат.
2.4. Ар бир лот боюнча суроо-талапта максималдуу санда позицияларга бааларды сунуштаган катышуучуга артыкчылык берилет.
2.5. Конкурстун катышуучусу тарабынан көрсөтүлгөн өндүрүмдүн наркы бардык чыгымдарды, анын ичинде салыктарды, алымдарды, жыйымдарды, тапшырыкчынын кампасына чейин жеткирип берүүнү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынуучу башка төлөмдөрдү жана Келишимде көрсөтүлгөн тейлөө мезгилин, коштоочу кызматтарды эске алуу менен келишимдик милдеттенмелерди аткаруу боюнча башка чыгымдарды камтышы керек.
- Баалоо критерийлери: Белгиленген квалификациялык жана техникалык талаптарга ылайык келген, баа/сапат катышы боюнча эң жакшы шарттарды сунуштаган, катышуучунун сунушу жеңүүчү деп таанылат.
- Баа сунушун баалоо салыктарды эсепке алуусуз жүргүзүлөт.
- Лот бөлүнбөс болуп саналат.
- Тапшырыкчы негизги жеткирип берүүчүнү тандайт.
- Тандалган негизги жеткирип берүүчу менен жеткирип берүү келишими түзүлөт. Келишимдин аткарылышын кепилдик камсыздоонун (мындан ары – КАКК) өлчөмү жана формасы
- Жеткирип берүү келишимин түзүү укугу ыйгарыла турган катышуучу конкурстун жыйынтыгы боюнча жеткирип берүү келишиминин жалпы суммасынан 2 % өлчөмүндө КАКК киргизүүгө тийиш.
- Жеңген катышуучу КАКК киргизүүдөн баш тартканда тапшырыкчы резервдик жеткирип берүүчү катары тандалган кийинки катышуучу менен келишим түзүүгө укуктуу.
- КАКК төмөнкү учурларда тапшырыкчынын тастыктоосунун негизинде 7 (жети) жумуш күндөн кеч эмес жеткирип берүүчүгө кайтарылат:
- Келишим боюнча милдеттенмелерди, анын ичинде бардык кепилденген милдеттенмелерди аткаруу (кепилденген мезгил);
- Форс-мажордук жагдайларга байланыштуу келишимди бузуу.
- КАКК киргизүү үчүн банктык эсептин реквизиттери Чакыруунун №5 тиркемесинде көрсөтүлгөн.
Конкурстук өтүнмөлөрдү берүүнүн акыркы мөөнөтү: 2025-жылдын 17-ноябры Бишкек убактысы боюнча саат 11:00.
- Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин тандоонун катышуучулары тарабынан берилген конкурстук өтүнмөлөр кабыл алынбайт жана каралбайт.
- Өзүнүн сунушун берүү менен, катышуучу Чакыруунун №6 тиркемесине ылайык Келишимдин шарттарын кошо алганда, Компаниянын талаптарында корсөтүлгөн бардык шарттарга өзүнүн макулдугун билдирет.
- Тандоонун ар бир катышуучусу бир гана конкурстук сунушту бере алат.
- Аларды берүү мөөнөтү аяктагандан кийин конкурстук сунуштарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.
Ушул Чакыруу боюнча суроолор болгондо катышуучу түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн, бирок конкурстук өтүнмөлөрдү берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин 3 жумуш күндөн кеч эмес Olga.Turkovskaya@kumtor.kg электрондук дареги боюнча тапшырыкчыга кайрыла алат. Түшүндүрмөлөр кайрылган жеткирип берүүчүгө суроо-талапты алган учурдан тартып үч календардык күндөн кеч эмес, андан суроо-талап алынган электрондук почтага жөнөтүлөт.
Зарыл болгондо тапшырыкчы конкурстук өтүнмөлөрдү берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин каалаган убакта, бирок 3 (үч) жумуш күндөн кеч эмес толуктоолорду чыгаруу аркылуу ушул Чакырууга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
Тапшырыкчы эгерде ушул Чакырууга оңдоолор киргизилсе, конкурстук өтүнмөлөрдү берүүнүн акыркы күнүн кеч мөөнөткө жылдыра алат, тапшырыкчы бул тууралуу ушул конкурсту өткөрүү жөнүндө кулактандыруу жарыяланган, тапшырыкчынын https://www.kumtor.kg/ru/ расмий сайтында тиешелүү маалыматты жайгаштыруу аркылуу маалымдайт.
Тапшырыкчы кандайдыр бир сунушту кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле Келишим ыйгарылганга чейин каалаган убакта конкурстун процессин токтотууга жана бардык сунуштарды четке кагууга укуктуу, мында тиешелүү катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенмелерди тартпайт.
ТЕХНИЧЕСКОЕ ЗАДАНИЕ
Приложение №1
Приложение №2
Приложение №3
Приложение №4
Приложение №5
Приложение №6