“КУМТӨР КЕНИНИН РУДАЛАРДЫ КАМТЫГАН КАТМАРЛАРЫНЫН ЖАШЫН МИКРОПАЛЕОНТОЛОГИЯЛЫК АНАЛИЗДЕРДИН ЖАНА ДОКЕМБРИЙ—ТӨМӨНКҮ ПАЛЕОЗОЙ КЕСИЛИШИНДЕГИ ТЕРРИГЕНДИК ТҮЗҮЛҮШТӨР БОЮНЧА ГЕОХРОНОЛОГИЯЛЫК ИЗИЛДӨӨЛӨРДҮН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫНЫН НЕГИЗИНДЕ АНЫКТОО” ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРДИ АТКАРУУ БОЮНЧА

“КУМТӨР КЕНИНИН РУДАЛАРДЫ КАМТЫГАН КАТМАРЛАРЫНЫН ЖАШЫН МИКРОПАЛЕОНТОЛОГИЯЛЫК АНАЛИЗДЕРДИН ЖАНА ДОКЕМБРИЙ—ТӨМӨНКҮ ПАЛЕОЗОЙ КЕСИЛИШИНДЕГИ ТЕРРИГЕНДИК ТҮЗҮЛҮШТӨР БОЮНЧА ГЕОХРОНОЛОГИЯЛЫК ИЗИЛДӨӨЛӨРДҮН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫНЫН НЕГИЗИНДЕ АНЫКТОО” ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРДИ АТКАРУУ БОЮНЧА

Жарыяланган: 14 August 2025

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 22.08.2025, Бишкек сааты боюнча 15:00го чейин.


Урматтуу айымдар жана мырзалар,

«Кумтор Голд Компани» ЖАК (мындан ары – «КГК») Сизден төмөнкү “Кумтөр кенинин рудаларды камтыган катмарларынын жашын микропалеонтологиялык анализдердин жана докембрий—төмөнкү палеозой кесилишиндеги терригендик түзүлүштөр боюнча геохронологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынын негизинде аныктооилимий-изилдөө иштерди аткаруу боюнча баа сунуштарын берүүнү суранат:

Техникалык тапшырма тиркелген.

Иштерди аткаруу мөөнөтү — келишим түзүлгөн күндөн тартып 6 ай.

Коммерциялык сунуштар акыркы баа менен, сунуш берилген күндөн тартып кеминде 30 күнгө жарактуу болушу керек жана төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүлүшү зарыл: gulnur.shirdakova@kumtor.kg.

Документтер PDF форматында берилүүгө тийиш.

Документтерге кол коюуга укуктуу адамдын ыйгарым укуктары ишеним кат же анын ыйгарым укуктарын тастыктаган документтердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен ырасталышы керек.

Каттын темасы «Микрофоссилия» болушу керек жана кат төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүлүшү зарыл: gulnur.shirdakova@kumtor.kg

Жеткирип берүүчүнүн баа сунушу төмөнкү документтерден турушу керек:

  1. Конкурстук арыз (арыз формасы №1 Тиркеме);
  2. Окшош кызматтар боюнча жок дегенде бир долбоорду ишке ашырган тажрыйба;
  3. Мурунку келишимдерди аткаруу боюнча сунуштар жана пикирлер;
  4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоо же кайра каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн түп нускасынын сканерленген көчүрмөсү;
  5. Уставдын түп нускасынын сканерленген көчүрмөсү (юридикалык жактар үчүн) ошондой эле жетекчи катары дайындалгандыгы тууралуу чечимдин көчүрмөсү;
  6. Салык жана камсыздандыруу боюнча карыздардын жоктугу тууралуу күбөлүктөрдүн түп нускаларынын сканерден алынган көчүрмөлөрү (Мамлекеттик салык кызматы, Социалдык фонд);
  7. Жеткирүүчүнүн анкетасынын толтурулган жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн сканерленген файлы.
  8. Ак ниеттүүлүк жөнүндө декларация жана коррупцияга каршы күрөшүү жобосу (чакырууга №2 тиркеме түрүндө);
  9. Кызмат көрсөтүүнүн шарттары жана убактысы тууралуу толтурулган форма (Тиркеме №3);
  10. 2023-2024 финансылык отчетторунун түп нускасынын сканерленген көчүрмөлөрү:
  • Бухгалтердик баланс;
  • Пайдалар жана чыгымдар жөнүндө отчет;
  • Акча агымдары жөнүндө отчет;
  • Капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет.
  1. 2023–2024 жылдар үчүн бирдиктүү салык декларациясы.

Сиздин баа сунушуңуз жана бардык тиркемелер, документтер коммерциялык сунуштарга жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюу укугу бар адам (адамдар) тарабынан кол коюлуп жана мөөр менен бекитилиши керек. Документтер PDF форматында берилет.

Кол коюу укугу бар адамдын ыйгарым укуктары ишеним кат же тастыктоочу документтердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен ырасталышы керек.

Конкурстук арыз орус тилинде түзүлүшү керек.

Баалоо критерийлери:

  • Жеңүүчү катары квалификациялык жана техникалык талаптарга жооп берген, кызмат көрсөтүү боюнча баа/сапат/мөөнөт катышында эң жакшы шарттарды сунуштаган катышуучу таанылат.
  • Жеңүүчү менен 12 айлык кызмат көрсөтүү келишими түзүлөт.

Баа сунуштарын тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2025-жылдын 22-августу, Бишкек убактысы боюнча саат 15:00гө чейин.

  • Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч берилген жана/же туура эмес толтурулган арыздар кабыл алынбайт жана каралбайт.
  • Өз сунушун берип жатып, катышуучу Заказчынын бардык талаптарына, анын ичинде Чакыруунун №4 тиркемесиндеги Келишим шарттарына макул экендигин билдирет.
  • Ар бир катышуучубир гана баа сунушун бере алат.
  • Сунуштарды тапшыруу мөөнөтү өткөндөн кийин өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Бул Чакырууга байланыштуу суроолор пайда болгон учурда, катышуучу түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн  Gulnur.Shirdakova@kumtor электрондук дареги боюнча Буйрутмачыга кайрыла  алат, бирок конкурстук табыштамаларды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин 3 жумушчу күндөн кеч эмес. Түшүндүрмөлөр өтүнмө берүүчүгө суроо-талап алынган күндөн тартып үч календардык күндөн кечиктирбестен жөнөтүлөт.

Зарыл болгон учурда, Буйрутмачы конкурстук сунуштарды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин каалаган учурда, бирок кандай болбосун 3 (үч) жумушчу күндөн кечиктирбестен, толуктоолорду берүү жолу менен ушул Чакырууга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.

Эгерде ушул Чакырууга өзгөртүүлөр киргизилген болсо, Буйрутмачы конкурстук сунуштарды берүүнүн акыркы күнүн кийинки күнгө жылдыра алат; бул тууралуу Буйрутмачы тиешелүү маалыматты ушул тендер жөнүндө жарыя жайгаштырылган Буйрутмачынын расмий веб-сайтында https://www.kumtor.kg/ru/ жайгаштыруу  аркылуу билдирүүгө тийиш.

Буйрутмачы тиешелүү катышуучулардан алдында эч кандай милдеттенме албастан, кандайдыр бир сунушту кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле конкурстун процессин жокко чыгарууга жана келишим берилгенге чейин каалаган убакта бардык сунуштарды четке кагууга укуктуу.

Заказчы катышуучунун чыгымдарын компенсациялоо боюнча милдеттенмелерден толугу менен баш тартат.

 

Сиз төмөндөгү документтерди жүктөп алсаңыз болот:

№1 ТИРКЕМЕ

№2 ТИРКЕМЕ

№3 ТИРКЕМЕ

№4 ТИРКЕМЕ

ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА

№1 ФОРМА