Кумтөр – Кыргызстандын тоо-кен өнөр жайы үчүн кесипчилерди даярдоо жайы

Кумтөр – Кыргызстандын тоо-кен өнөр жайы үчүн кесипчилерди даярдоо жайы

Жарыяланган: 19 August 2021

Быйыл Кумтөрдүн тарыхында биринчи жолу жайкы практикага жана стажировкага рекорддук санда студенттер жана жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү алынышкан. Жалпысынан 150дөн ашык жаш адис катаал конкурстук тандоодон өтүп, бийик тоолуу кен ишканасында биринчи жумуш вахтасын иштеп келишти. Жайкы практиканын узактыгы – үч ай, бүтүрүүчүлөр үчүн стажировканын узактыгы – эки жыл. Кумтөрдө студенттердин жана стажерлордун эмгеги үчүн акы төлөнөт. Кен жайда устаттар жаш адистер менен иштешип, жана өз тажрыйбалары менен бөлүшүшөт.

Алтын ылгоо фабрикасынын менеджери Нурдин Усенов, мурун студенттер бир гана металлургиялык лабораторияга эле алынса, азыр жаштар фабриканын бардык өндүрүштүк цехтеринде үйрөнүп жатышканын белгиледи.

“Лекция жана семинарлар иштеп жаткан өндүрүштө алган билимдердин ордун толтура албайт экен. Бул жерде биз алтынды ылгоо процесстерин модернизациялоо боюнча изилдөө жүргүзүп жатабыз”, – дейт алтын ылгоо фабрикасында практика өтүп жаткан химия факультетинин үчүнчү курсунун студенти Алия Шаршеналиева.

_____________________________________

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК (КГК) өз ишинде ачыктык жана айкындуулук философиясын сактап келет. КГКнын ишкердиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына гана баш ийет.