Мамлекеттик салык кызматы «Кумтɵр Голд Компани» ЖАКында салык мыйзамдарын кандайдыр бир бузуулар жоктугун тастыктады

Мамлекеттик салык кызматы «Кумтɵр Голд Компани» ЖАКында салык мыйзамдарын кандайдыр бир бузуулар жоктугун тастыктады

Жарыяланган: 04 August 2016

Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаары жана Чүй областы боюнча ири салык тɵлɵɵчүлɵргɵ контроль боюнча башкармалыгы (МСИнин ИСТКБсы) «Кумтɵр Голд Компани» ЖАКы тарабынан 2014-жылдын 1-январынан 2015-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде салык мыйзамдарын сактоосу боюнча кезектеги пландуу кɵчмɵ текшерүүсүн аяктады. Салыктык текшерүүнүн жыйынтыктарынан улам чечимдерди, даттанууларды жана айрым маселелерди аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган тартипти жана убакытты эске алуу менен жогоруда кɵрсɵтүлгɵн мезгилде салык мыйзамдарын кандайдыр бир бузуулар аныкталган жок.

Маалымат үчүн: Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаары жана Чүй областы боюнча ири салык тɵлɵɵчүлɵргɵ контроль боюнча башкармалыгы (МСИнин ИСТКБсы) – «Кумтɵр Голд Компани» ЖАКы (КГК) менен салыктык укук мамилелерин толук администрациялоочу салык органы.
«Кумтɵр Голд Компани» ЖАКы (КГК) – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши тарабынан ратификацияланган Кумтɵр боюнча жаӊы шарттар жɵнүндɵ 2009-жылдын 24-апрелиндеги макулдашунун жана макулдашуу менен жɵнгɵ салынбаган бɵлүгүндɵ Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин негизинде ɵз ишмердүүлүгүн жүргүзүүчү жана салыктарды жана милдеттүү тɵлɵмдɵрдү тɵлɵгɵн концессиялык ишкана жана ири салык тɵлɵɵчү.