Отчеттор

Отчеттор

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК дайым жана өз убагында маалымат таркатуу принциптерин карманып, өз иши боюнча түшүнүктөрдүн кеңейишине жана ачыктык, ырааттуулук жана кызматташтык аракеттери менен корпоративдик беделин бекемдөөгө умтулат.

Биздин компания өлкөдө жана Борбордук Азияда Кен казуучу тармактын ачыктык демилгелеринин (ККТАД) алгачкы мүчөлөрүнөн. ККТАД – 2002-жылы Түштүк Африкадагы туруктуу өнүктүрүү боюнча Дүйнөлүк саммитте түптөлгөн эл аралык коммерциялык эмес уюм. Ал өкмөттөрдүн, ишканалардын, жарандык коомчулук, инвесторлор жана эл аралык уюмдардын коалициясы болуп саналат. ККТАД өкмөттөргө төгүлгөн бардык төлөмдөрдү текшерүү, алар боюнча жарыялоо, ошондой эле мунай, жаратылыш газы жана пайдалуу кендерден түшкөн пайда боюнча өкмөттөрдүн отчетун талап кылуу аркылуу ресурстарга бай өлкөлөрдүн башкаруусун жакшыртууга өз салымын кошот.