ЖЫЛМАЛООЧУ ТАСМАСЫН ЖЕТКИРИП БЕРҮҮ БОЮНЧА КОММЕРЦИЯЛЫК СУНУШТАРДЫ БЕРҮҮ (КАЙРАДАН) (БААЛАРДЫ СУРАП ЧЫГУУ)

ЖЫЛМАЛООЧУ ТАСМАСЫН ЖЕТКИРИП БЕРҮҮ БОЮНЧА КОММЕРЦИЯЛЫК СУНУШТАРДЫ БЕРҮҮ (КАЙРАДАН) (БААЛАРДЫ СУРАП ЧЫГУУ)

Жарыяланган: 14 September 2026

АРЫЗ БЕРҮҮ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 21-сентябры, саат 12:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча).


«Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын филиалы «Дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү завод» (мындан ары – ДКЗ) Сиздерди Техникалык тапшырмага ылайык жылмалоочу тасмасын жеткирип беруу боюнча сынакка катышууга чакырат.

Тапшыруу форматы:

Баалар боюнча сунуш (мындан аары – БС) келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлууга жана PDF форматында берилүүгө тийиш.

Тапшыруу тартиби:

Тандоого катышуучулар төмөнкүлөргө милдеттүү:

  1. Уставдын, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн жана жетекчини дайындоо жөнүндө чечимдин сканерленген көчүрмөлөрүн берүүгө.
  2. Сынактын талаптарына ылайык кыргыз же орус тилдеринде баалар боюнча сунушту (БС) берүүгө, бардык зарыл болгон документтердин көчүрмөлөрүн тиркөөгө жана аларды электрондук түрдө [email protected] электрондук почта дарегине 2026-жылдын 21-сентябрынын,  саат 12:00дөн кечиктирбестен жөнөтүшү керек. Электрондук каттын темасында «Жылмалоочу тасма» деп көрсөтүлүүгө тийиш.

Тандоого катышуу үчүн баалар боюнча сунуш төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:

  1. Жеткирүү шарттары;
  2. Төлөө шарттары;
  3. Баалар боюнча сунуштун мөөнөтү (мүмкүн болушунча максималдуу мөөнөттү көрсөтүү өтүнүлөт);
  4. Товардын баасы баардык чыгымдарды, анын ичинде колдонулуучу бардык салыктарды жана жеткирүү чыгымдарын эске алуу менен көрсөтүүлүгө тийиш.

Жеткирүү жери: DDP, «Кумтор Голд Компани» ЖАКтын филиалы – «Дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү завод», Кыргызстан», Токмок шаары, Промзона.

Акча бирдиги:

  1. Резиденттер баалар боюнча сунушту улуттук валютада – кыргыз сомунда берүүгө тийиш.
  2. Резидент эместер баалар боюнча сунушту каалаган валютада берүүгө укуктуу.

Баалоо критерийлери:

Тандоодон өткөн сунуш катары эң төмөнкү бааны жана жеткирүүнүн оптималдуу шарттарын сунуштаган сунуш жеңүүчү деп эсептелет.

Кардар тиешелүү катышуучуларга эч кандай милдеттенмелерди албастан, Келишим түзүлгөнгө чейин каалаган убакта бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле тандоо процессин жокко чыгарууга укуктуу.

Катышуучу өзүнүн сунушун берүү менен, Кампаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макулдугун билдирет.

Тандоодо ар бир катышуучу бир гана сунуш бере алат.

Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтүндө – сунуштарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Бул тандоо боюнча бардык суроолорду  [email protected] электрондук дарегине жөнөтсөңүз болот.

Тандоо шарттарын түшүндүрүү өтүнүчтөрү сунушту берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин 3 календардык күн мурун жөнөтүлүшү керек.

 

ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА