ЖЕР АСТЫНДАГЫ КЕН ИШТЕТҮҮ БӨЛҮМҮНӨ (ТОО-КЕН ТЕХНИКАЛЫК БАГЫТЫ) ЭКИ ЖЫЛГА ЧЕЙИНКИ МӨӨНӨТКӨ ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 11 November 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 25-ноябры, саат 16:00 (Бишкек убактысы боюнча).
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында жер астындагы кен иштетүү бөлүмүнө (тоо-кен техникалык багыты) эки жылга чейинки мөөнөткө такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- Тоо-кен иши адистиги боюнча (жер алдындагы кендерди иштетүү) жогорку билим;
- ПК, MS Word жана MS Excel программаларын ишенимдүү деңгээлде билүү;
- Кыргыз жана орус тилдерин билүү;
- Жоопкерчилик, тартиптүүлүк, стресске туруктуулук, кылдаттык жана тез үйрөнүү жөндөмдүүлүгү;
- Документтер менен иштөө көндүмдөрү;
- Ири көлөмдөгү маалымат менен иштей билүү.
Милдеттер:
- Пайдалуу кендерди жабык жер астынан иштетүүдө коопсуз иштөө ыкмаларын үйрөнүү жана түшүнүү;
- Жер астындагы тоо-кен иштерин жүргүзүүдө иштөө көндүмдөрүнө ээ болуу;
- Документтерди макулдашууга, кол коюуга, көчүрмөлөөгө, сканерлөөгө жана архивдөөгө даярдоо;
- Компаниянын белгиленген жол-жоболоруна ылайык электрондук жана кагаз түрүндөгү документ жүгүртүүнү жүргүзүү;
- Бөлүмдүн кызматкерлеринин суроо-талаптары боюнча маалыматты издөө, чогултуу жана иштеп чыгуу;
- Корпоративдик системаларга, электрондук реестрлерге жана маалымат базаларына маалыматтарды киргизүү жана жаңыртып туруу;
- Бөлүмдүн кызматкерлерине күнүмдүк ишмердүүлүк боюнча административдик колдоо көрсөтүү;
- Отчетторду, презентацияларды, кызматтык каттарды жана башка жумушчу материалдарды даярдоого көмөк көрсөтүү;
- Жардыруу ишинин негизги түшүнүктөрү жана кен казуу системалары менен таанышуу;
- Документтердин өз убагында алынуусуна, өткөрүлүп берилүүсүнө жана сакталышына көзөмөл жүргүзүү.
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма;
- Такшалманын мөөнөтү – эки жылга чейин;
- Такшалма өтүү жери – Бишкек шаарындагы кеңсе;
- Такшалма графиги – 5/2.
Тандоого катышуу үчүн:
- Анкетаны толтуруп, баардык керектүү документтерди 2026-жылдын 25-ноябрында 16:00 кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.