ЖЕР АСТЫНДАГЫ КЕН ИШТЕТҮҮ БӨЛҮМҮНӨ (ТОО-КЕН ТЕХНИКАЛЫК БАГЫТЫ) ЭКИ ЖЫЛГА ЧЕЙИНКИ МӨӨНӨТКӨ ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

ЖЕР АСТЫНДАГЫ КЕН ИШТЕТҮҮ БӨЛҮМҮНӨ (ТОО-КЕН ТЕХНИКАЛЫК БАГЫТЫ) ЭКИ ЖЫЛГА ЧЕЙИНКИ МӨӨНӨТКӨ ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 11 November 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 25-ноябры, саат 16:00 (Бишкек убактысы боюнча).


“Кумтөр Голд Компани” ЖАК  жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында жер астындагы кен иштетүү бөлүмүнө (тоо-кен техникалык багыты) эки жылга чейинки мөөнөткө такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • Тоо-кен иши адистиги боюнча (жер алдындагы кендерди иштетүү) жогорку билим;
  • ПК, MS Word жана MS Excel программаларын ишенимдүү деңгээлде билүү;
  • Кыргыз жана орус тилдерин билүү;
  • Жоопкерчилик, тартиптүүлүк, стресске туруктуулук, кылдаттык жана тез үйрөнүү жөндөмдүүлүгү;
  • Документтер менен иштөө көндүмдөрү;
  • Ири көлөмдөгү маалымат менен иштей билүү.

Милдеттер:

  • Пайдалуу кендерди жабык жер астынан иштетүүдө коопсуз иштөө ыкмаларын үйрөнүү жана түшүнүү;
  • Жер астындагы тоо-кен иштерин жүргүзүүдө иштөө көндүмдөрүнө ээ болуу;
  • Документтерди макулдашууга, кол коюуга, көчүрмөлөөгө, сканерлөөгө жана архивдөөгө даярдоо;
  • Компаниянын белгиленген жол-жоболоруна ылайык электрондук жана кагаз түрүндөгү документ жүгүртүүнү жүргүзүү;
  • Бөлүмдүн кызматкерлеринин суроо-талаптары боюнча маалыматты издөө, чогултуу жана иштеп чыгуу;
  • Корпоративдик системаларга, электрондук реестрлерге жана маалымат базаларына маалыматтарды киргизүү жана жаңыртып туруу;
  • Бөлүмдүн кызматкерлерине күнүмдүк ишмердүүлүк боюнча административдик колдоо көрсөтүү;
  • Отчетторду, презентацияларды, кызматтык каттарды жана башка жумушчу материалдарды даярдоого көмөк көрсөтүү;
  • Жардыруу ишинин негизги түшүнүктөрү жана кен казуу системалары менен таанышуу;
  • Документтердин өз убагында алынуусуна, өткөрүлүп берилүүсүнө жана сакталышына көзөмөл жүргүзүү.

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма;
  • Такшалманын мөөнөтү – эки жылга чейин;
  • Такшалма өтүү жери – Бишкек шаарындагы кеңсе;
  • Такшалма графиги – 5/2.

Тандоого катышуу үчүн:

  • Анкетаны толтуруп, баардык керектүү документтерди 2026-жылдын 25-ноябрында 16:00 кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.