Жарыяланган: 27 October 2026
КОНКУРСТУК АРЫЗДАРДЫ ТАПШЫРУУ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 4-ноябры, саат 14:00 чейин (Бишкек убактысы боюнча).
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК Сизди жеке коргонуу каражаттарын жеткирүү боюнча баа сунуштарын алуу үчүн өткөрүлүүчү суроо-талапка катышууга чакырат.
| Товарлардын тизмеси: | №1 лот (бөлүнүүчү). Техникалык тапшырмалар тиркемеде берилген
1. Жеке коргонуу каражаттары |
| Тапшыруу форматы: | Катышуу үчүн арыз жана башка документтер арызга жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укуктуу жак тарабынан кол коюлушу керек. Документтерге кол коюлуп, PDF форматында тапшырылышы зарыл. |
| Сунуштарды тапшыруу тартиби
|
Эгер тандоого катышуучулар буга чейин «Кумтөр Голд Компани» ЖАК үчүн товарларды жеткирип келишпеген болсо, төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:
1) Квалификациядан жана аккредитациядан өтүшү керек. Документтер төмөнкү шилтемеде жөнөтүү зарыл: https://www.kumtor.kg/ru/informacziya-dlya-postavshhikov/ 2) Катышуу үчүн арызды сынактын талаптарына ылайык орус тилинде даярдап, зарыл болгон документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, аларды электрондук түрдө [email protected] электрондук дарегине 2026-жылдын 4-ноябрында Бишкек убактысы боюнча саат 14:00гө чейин жөнөтүү зарыл. |
| Катышууга арыз төмөнкү документтерди камтышы керек:
Валюта: |
Жеткирүүчүлөрдү тандоого катышуу үчүн берилүүчү коммерциялык сунуш төмөнкү документтерди камтууга тийиш:
· Товардын аталышы; · Техникалык сүрөттөмөсү (сүрөттөрү менен); · Бардык салыктарды жана Сатып алуучунун кампасына чейин жеткирүү чыгымдарын камтыган баасы; · Жеткирүү мөөнөттөрү; · Төлөө шарттары; · Сапат сертификаты; · ЕАЭБ сертификаты; · Техникалык тапшырмада көрсөтүлгөн талаптарга ылайык сертификаттар; · Коммерциялык сунуштун жарактуу мөөнөтү сунуш берилген күндөн тартып кеминде 30 календардык күн болушу керек. Резиденттер коммерциялык сунушту улуттук валютада, чет өлкөлүк валютанын курсуна байланыштырбастан берүүгө тийиш. Резидент эмес компанияларкоммерциялык сунушту каалаган валютада берүүгө укуктуу. · Милдеттүү түрдө: сунушталган товарга сертификат берилүүгө тийиш. Келишимге кол коюлган учурда Жеткирүүчү Келишимдин аткарылышын камсыздоо үчүн анын жалпы суммасынын 10% (он пайызы) өлчөмүндө кепилдик камсыздоону «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын эсептик эсебине акча каражаттарын которуу жолу менен берүүгө милдеттенет.КГКнын эсептешүү эсебине которуу жолу менен Келишимдин аткарылышына кепилдик камсыздоону берүүгө милдеттенет. Эгерде 100% кийинки төлөм (постоплата) шарттары колдонулса, Жеткирүүчү Келишимге кол коюлган учурда конкурстук табыштаманы кепилдеген Декларацияны (Чакыруунун №1 тиркемеси) берүүгө тийиш. |
| Баалоо критерийлери: | Жеңүүчү болуп техникалык тапшырмада көрсөтүлгөн товардын техникалык сүрөттөмөсүнө ылайык келген жана эң төмөнкү бааны сунуштаган коммерциялык сунуш ээси таанылат. |
| Темасында: «[email protected]» деп көрсөтүлгөн сунуштарды 2026-жылдын 4-ноябры саат 14:00гө чейин [email protected] электрондук дарегине жөнөтүү зарыл. | |
| Буйрутмачы кандайдыр бир сунушту же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле Келишим ыйгарылганга чейин тандоо жол-жобосун каалаган убакта жокко чыгарууга укуктуу. Мында ал тиешелүү катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенмелерди өзүнө албайт. | |
| Коммерциялык сунуш расмий бланкта берилүүгө тийиш. | |
| Тандоого катышуучулар тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч берилген коммерциялык сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.
Катышуучу өз сунушун берүү менен Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул экендигин ырастайт. Зарыл болгон учурда Буйрутмачы сынактын жыйынтыгы боюнча аныкталган көлөмдө товардын сыноо партиясын талап кылууга укуктуу. Ар бир тандоого катышуучу бир гана коммерциялык сунуш бере алат. Коммерциялык сунуштун жарактуу мөөнөтү кеминде 30 календардык күндү түзүүгө тийиш. Конкурстук сунуштун жарактуу мөөнөтүнүн ичинде коммерциялык сунуштарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт. |
|
| Ушул тандоо боюнча бардык суроолор төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүлүшү керек: [email protected] | |
| Тандоо шарттарын түшүндүрүп берүү боюнча суроо-талаптар сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтүнө чейин кеминде 2 календардык күн мурда жөнөтүлүүгө тийиш. | |
Тиркемелер: