ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМАЛАРГА ЫЛАЙЫК ТАМАК АШ АЗЫКТАРЫН ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА КОТИРОВКАЛАРДЫ СУРОО

ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМАЛАРГА ЫЛАЙЫК ТАМАК АШ АЗЫКТАРЫН ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА КОТИРОВКАЛАРДЫ СУРОО

Жарыяланган: 08 October 2026

КОНКУРСТУК АРЫЗДАРДЫ ТАПШЫРУУ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 18-октябры, саат 17:00 чейин (Бишкек убактысы боюнча).


«Кумтөр Голд Компани» ЖАК сизди техникалык тапшырмаларга ылайык «Кумтөр Голд Компани» ЖАК үчүн тамак аш азыктарын жеткирүү боюнча котировакаларды суроого катышууга чакырат.

Товарлардын тизмеси:

 

Лот №1

• Кара чай – металдаштырылган жеке таңгактардагы баштыктарда. (Сатып алуу бирдиги – таңгак).

• Көк чай – металдаштырылган жеке таңгактардагы баштыктарда. (Сатып алуу бирдиги – таңгак).

Лот №2

• Күнжүт кошулган печенье,

• Ак глазурь менен капталган заварной печенье. (Сатып алуу бирдиги – кг).

Лот №3

• Жер жаңгак, нуга жана карамель кошулуп, сүт шоколаду менен капталган фирмалык батончик. (таза салмагы – 50,5 г.) (Сатып алуу бирдиги – даана).

Лот №4

• Жаңгактар: фисташка, туздалбаган кешью, туздалган кешью, тазаланган грек жаңгагы, миндаль-чийки кабыгы алынбаган, кургатылган ашкабактын даны. (Сатып алуу бирдиги – кг).

Лот №5

• Кургатылган мөмөлөр: кургатылган манго, кургатылган ананас, кургатылган папайя, кургатылган маракуйя, кургатылган киви, кургатылган шабдалы, кургатылган өрүк, кургатылган жүзүм. (Сатып алуу бирдиги – кг).

(Ар бир лот өзүнчө каралат)

Тапшыруу форматы: Баа сунушу (мындан ары – БС) PDF форматында тапшырылып, келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга укуктуу адам тарабынан кол коюлушу керек.
Сунуштарды берүү тартиби

 

Тандоонун катышуучулары:

1)            Эгерде жеткирүүчү мурда «Кумтөр Голд Компани» ЖАКка товар жеткирбеген болсо, ал квалификациядан жана аккредитациядан өтүүгө тийиш. Документтерге шилетеме:        https://www.kumtor.kg/ru/informacziya-dlya-postavshhikov/

2)            Конкурстун талаптарына ылайык табыштама орус тилинде берилип, талап кылынган документтердин зарыл көчүрмөлөрү тиркелиши керек жана алар электрондук түрдө  tea.snacks@kumtor.kg  электрондук дарегине 2026‑жылдын 18-октябырында, Бишкек убактысы боюнча саат 17:00гө чейин жөнөтүлүшү керек.

Башка электрондук даректерге жана ошондой эле 2026-жылдын 18-октябрырында саат 17:00дөн кийин келип түшкөн конкурстук сунуштар каралбайт.

Катышуу үчүн берилген табыштама төмөнкү документтерди камтууга тийиш: Жеткирип берүүчүлөрдү тандоого катышуу үчүн берилген баа сунушу төмөнкү документтерди камтышы керек:

·         Товардын аталышы;

·         Техникалык баяндама;

·         Сатып алуучунун кампасына чейин жеткирүүнү жана бардык салыктарды эске алуу менен баа;

·         Жеткирүү мөөнөттөрү;

·         Төлөө шарттары;

·         Коммерциялык сунуштун (КС) жарактуулук мөөнөтү – берилген күндөн тартып кеминде 30 календардык күн.

Баалоо критерийлери: Жеңүүчү болуп сүрөттөмөгө дал келген БС жана эң төмөнкү бааны сунуштаган сунуш болот.
Сунуштар  tea.snacks@kumtor.kg  электрондук дарегине 2026‑жылдын 18-октябырында, Бишкек убактысы боюнча саат 17:00гө чейин жөнөтүлүшү керек.
Буйрутмачы келишим берилгенге чейин каалаган убакта сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга укуктуу, ошондой эле тандоо процессин токтотууга укуктуу, тиешелүү катышуучуларга эч кандай милдеттенме албастан.
Баа сунушу ишкананын расмий бланкында түзүлүп, кол коюлуп, мөөр басылышы керек.
Катышуучулар тарабынан белгиленген мөөнөттөрдөн кийин берилген сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.

Өз сунушун тапшыруу менен, катышуучу талаптарда көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул болот.

Ар бир тандоо катышуучусу бир гана баа сунушун бере алат.

Сунуштарды тандоо мөөнөтү учурунда баа сунуштарына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тыюу салынат.

Резиденттер чет элдик валюта курсуна байлабастан улуттук валютада коммерциялык сунуш бериши керек.

Резидент эмес адамдар каалаган валютада коммерциялык сунуш берүүгө укуктуу.

Ушул тандоо боюнча бардык суроолор Aliya.Djumadil[email protected]  электрондук дарегине жөнөтүлүшү керек.
Тандоонун шарттарын тактоо боюнча суроолор сунуштарды кабыл алуунун акыркы мөөнөтүнө чейин 3 календардык күн калганда жиберилиши зарыл.

 

БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР