ТЕХНИКАЛЫК КӨЗӨМӨЛДӨӨ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛГА ЧЕЙИНКИ МӨӨНӨТКӨ ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 28 October 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 10-ноябры, саат 16:00 (Бишкек убактысы боюнча).
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнө эки жылга чейинки мөөнөткө такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- «Металлургия», «Пайдалуу кен байлыктарды байытуу» багыттары боюнча жогорку билим;
- Компьютерди ишенимдүү колдонуу жана Microsoft Office программаларын билүү;
- Окууга жана жаңы билимдерди, көндүмдөрдү өздөштүрүүгө даяр болуу;
- Демилгелүүлүк жана кесиптик өнүгүүгө умтулуу;
- Аткаруучулук, жоопкерчилик жана тартиптүүлүк;
- Командада иштей билүү жана кесиптештер менен натыйжалуу иштешүү мүмкүнчүлүгү;
- Жакшы дене түзүлүш, дарыгерлердин көрсөтмөсү боюнча бийик тоолуу шарттарда иштөөгө жарамдуулук.
Милдеттер:
- Өндүрүштүк коопсуздуктун талаптары жана иштерди коопсуз аткаруу ыкмалары боюнча окуудан өтүү;
- «Кумтөр Голд Компани» ЖАК ченемдерин, саясаттарын жана жол-жоболорун сактоо;
- Ишкананын технологиялык процесстерин изилдөө;
- Технологиялык схемалардын, аппараттардын жана жабдуулардын схемаларын изилдөө;
- Изилдөө жана тажрыйба-аналитикалык иштерди аткарууга катышуу;
- Технологиялык лабораториянын ички процесстерин жана жол-жоболорун өздөштүрүү;
- Иштеп жаткан өндүрүш шарттарында иштөө боюнча практикалык көндүмдөргө ээ болуу.
Такшалманын шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма;
- Такшалманын мөөнөтү – эки жылга чейин;
- Такшалманын өтүү жери – Кумтөр кени;
- Такшалманын графиги – 14/14.
Тандоого катышуу үчүн:
2026-жылдын 10-ноябрында саат 16:00 кечикпестен шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.