“Кумтөрдүн” башкы принциби бул иш коопсуздугу

Жарыяланган: 16 August 2021

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК (КГК) коопсуз, туруктуу жана пландык режимде иштейт. Мындай натыйжаларга жетишүү үчүн КГКнын Убактылуу тышкы башкаруучусунун командасына  “Центерра Голд” (“Центерра”) канадалык компаниянын олуттуу чабуулуна туруштук берип жеңип чыгууга аргасыз болушту. 2021 жылдын май айынын 15 күнү, КГКга Убактылуу тышкы башкаруусу киргизилгенге чейин, “Центерра” КГКнын бардык кызматкерлеринин глобалдык маалыматтык тутумдарына жана сервистерине кирүүсүн алыстан өчүрүп койгон. Бул аракет КГКнын ишкердигин алсыратуу максатында жасалган.  Натыйжада кен ишканасындагы карьердин жана бош тектердин жыйынды жайларынын туруктуулугун мониторинг жүргүзө турган маанилүү системалары да бөгөттөлгөн.

«Эч кандай эскертүүсүз, эч кандай шарттарсыз, колдонуучу компьютерлерге, серверлерге кирүүлөр бөгөттөлгөн, биз алардын жардамы менен радарларыбыздан жана башка өлчөөчү шаймандардан бардык маалыматты чогултабыз. Маалыматтар сервердик тутумга келип түшөт жана андан программалык камсыздоонун жардамы менен биздин компьютерлерге жөнөтүлөт, ошого кирүү таптакыр чектелген », – деп улук геомеханик Саламат Тогузбаев эстеп айтып жатты.

Бардык системалардын жана коммуникациялардын бир убакта бөгөлүшү кызматкерлердин коопсуздугуна жана өмүрүнө чыныгы коркунучту туудурду, жана маалымат базаларын бөгөттөө болсо (анын ичинде тоо-кен жана геологиялык чалгындоо иштери жөнүндө маалымат, ошондой эле бардык керектүү тарыхый маалыматтар сакталган) компаниянын бардык бөлүмдөрүнүн ишине таасирин тийгизди. Кумтөр кени деңиз деңгээлинен 4000 метрден ашык бийиктикте, жер титирөө коркунучу бар зонада жайгашканын унутпоо керек, ал жерде жер титирөө, ал тургай бир аз эле жер титиресе, мөңгүлөрдүн жылышына түрткү болуушу мүмкүн. Ошентип, Центерранын аракеттери компаниянын кызматкерлеринин өмүрүнө жана Кендин ишине коркунуч келтирди. Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын бийлиги компаниянын коопсуз ишин жөнгө салуу үчүн КГКга тез арада Убактылуу башкарууну киргизүүгө аргасыз болушкан.

Убактылуу тышкы башкаруучу Теңиз Бөлтүрүктүн компетенттүү жана эффективдүү жетекчилиги астында жана эмгек жамаатынын жакшы координацияланган ишинин аркасында бардык маалымат системалары жана байланыш тез арада калыбына келтирилди же өндүштүк аналогдорго алмаштырылды. Жумуш ордулары коопсуз экенин эми Кумтөрлүктөр сезип жатышат.

Азыркы учурда мамлекеттик комиссиянын отчетунда көрсөтүлгөн эскертүүлөрдү жана кемчиликтерди жоюу боюнча план ченемдүү иштер жүргүзүлүүдө.  Компания келечекке карата пландарды түзүүдө. Иштеп чыгуунун прогрессивдүү ыкмасын камтыган кенди иштетүүнүн жаңы стратегиясы, аны иш жүзүнө ашырууга Теңиз Бөлтүрүктүн командасы шымаланып ишке киришкен. Жер астындагы алтын казып алуу жолу экология үчүн коопсуз жана өлкөбүздүн мөңгүлөрүн сактоого мүмкүндүк берет. Акыры, мамлекет жана жарандык сектор көп жылдар бою “Центерра Голддон” талап кылган маселе чечилип өз кыймылдабаган ордунан жылып баштады.

«Эгерде Камеко да, Центерра да башынан эле биздин мыйзамдарды сыйлашса жана бузбаса, биз кызматташууну уланта бермекпиз.  Азыркы кырдаал табиятыбызга болгон жырткычтык мамиленин, коррупциянын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын тоотпой коюунун натыйжасы. Бүгүнкү күндө Кумтөр иштеп жатат жана ошентип ал өз ишин уланта берет. Эми биз мурдагыдан да күчтүүбүз жана биргебиз!» – деп КГКнын Убактылуу тышкы менеджери Теңиз Бөлтүрүк ишендирди.

_____________________________________

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК (КГК) өз ишинде ачыктык жана айкындуулук философиясын сактап келет. КГКнын ишкердиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына гана баш ийет.

Предыдущая публикация"Кумтөр" өндүрүштүк толук ылдамдыгында иштөөдө Следующая публикацияКумтөрдө өндүрүштү модернизациялоо
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.