ЗАО «Кумтор Голд Компани» төмөнкү бош кызмат ордун жарыялайт Кадрларды башкаруу боюнча адис (Бишкек ш. кеңсе)

ЗАО «Кумтор Голд Компани» төмөнкү бош кызмат ордун жарыялайт Кадрларды башкаруу боюнча адис (Бишкек ш. кеңсе)

Жарыяланган: 26 June 2023

Билдирүү номери: KGC-23-106

ИШ-МИЛДЕТТЕРИ: 

  • Кадрдык иш кагаздарын жүргүзүү (эмгек мыйзамдарынын талаптарына ылайык кызматкерлерди кабыл алуу, которуу, бошотуу);
  • Кадрдык курамды эсепке алуу; эмгек ишмердүүлүгү, стажы жөнүндө маалымкаттарды тариздөө;
  • Эмгек китепчелерин жүргүзүү жана сактоо; жеке маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу жана сактоо;
  • Пенсия дайындоо, камсыздандыруу стажын тастыктоо үчүн документтерди даярдоо;
  • Кызматкерлердин жумуш убактысын уюштуруу жана эсепке алуу, өргүүлөрдүн графигин түзүү; мыйзамдык жана кадрдык маалымат базаларын жүргүзүү;
  • Тартиптик жаза берүү же кызматкерлерди сыйлоого көрсөтүү үчүн керектүү документтерди даярдоо;
  • Эмгек тартибинин сакталышын, ички эмгек тартибинин эрежелерин, буйруктардын өз убагында аткарылышын көзөмөлдөө; маалымат чогултуу жана кадрлардын алмашуусунун себептерин талдоо.

МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР:

  • Жогорку билим (каржы, юриспруденция, менеджмент, уюштуруу психология адистиги боюнча);
  • Кадрларды башкаруу жаатында 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
  • КР эмгек мыйзамдарынын ченемдерин жана компаниядагы кызматкерлердин эмгек ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу башка ченемдик-укуктук актыларды билүүсү;
  • Кадрдык башкаруу көндүмдөрү (кызматкерлердин өздүк делолорун түзүү, жумуш убактысын эсепке алуу табелин жүргүзүү, жумушчулардын кыймылы боюнча отчетторду даярдоо ж. б.);
  • Компаниянын ичинде жумушчулардын иш-аракеттерин жөнгө салуучу ченемдик документтерди иштеп чыгуу жөндөмдүүлүгү;
  • Отличные знания и практическое использование в работе MS Office (Excel-уверенный пользователь);
  • MS Office мыкты билүү жана практикада колдонуу (Excel -ишенимдүү колдонуучу);
  • Сабаттуу жазуу жана оозеки сүйлөөнү билүү;
  • Кыргыз, орус тилдерин билүү милдеттүү (англис тилин билүү артыкчылык болуп саналат);
  • Чоң маалымат массивинде иштей билүү, командада иштөө.
  • Стресске туруктуулук, тыкандык жана жоопкерчилик.

Анкета жана резюме  2023-жылдын 10-июлуна чейин, саат 16:00-дөн кечиктирбестен HR@kumtor.kg электрондук почтасына жөнөтүлүшү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf)

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: KGC-23-106

ЭСКЕРТҮҮ!  БИЛДИРҮҮНҮН НОМЕРИ КАТТАРДЫН ТЕМАСЫНДА КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.