АЙРЫМ ММКлар ТАРАБЫНАН АЙТЫЛЫП, ЖАЗЫЛЫП КЕЛГЕН «КУМТӨР» БОЮНЧА ЖОГОТУУЛАР, КОМПАНИЯНЫН ИШ ЖҮЗҮНДӨГҮ ФИНАНСЫЛЫК АБАЛЫНА ДАЛ КЕЛБЕЙТ ЖАНА ТУУРА ЭМЕС МААЛЫМАТ

АЙРЫМ ММКлар ТАРАБЫНАН АЙТЫЛЫП, ЖАЗЫЛЫП КЕЛГЕН «КУМТӨР» БОЮНЧА ЖОГОТУУЛАР, КОМПАНИЯНЫН ИШ ЖҮЗҮНДӨГҮ ФИНАНСЫЛЫК АБАЛЫНА ДАЛ КЕЛБЕЙТ ЖАНА ТУУРА ЭМЕС МААЛЫМАТ

Жарыяланган: 15 August 2023

2014-жылдан бери «Кумтөр Голд Компани» ЖАК Дүйнөлүк Алтын Кеңешинин сунушу боюнча «Бүткүл дүйнөлүк чыгымдар» (All-in costs, AIC) ыкмасын колдонуп келет. Бул ыкма бардык өндүрүштүк чыгымдарды, анын ичинде казылып алынган алтынга карата капиталдык чыгымдарды эсепке алууну талап кылат.

2023-жылдын I чейрегинде жалпы чыгымдар (капитал менен кошо) 2053 долларды түзгөн. Ал эми чыгымдардын көбөйүшү узак мөөнөттүү жана капиталдык салымдардын көбөйүшүнө байланыштуу (алтынды кайра иштетүүчү фабриканы модернизациялоо (ЗИФ), кендеги керектүү жабдууларды, оор жана коштоочуу техниканы жаңылоо ж. б.).

Бул жерде капиталдык салымдардын өздүк наркын эсептөөдө эсепке алынбайт, анткени алар ишкананын активдерин көбөйтөт. Ошондой эле Кумтөр туруктуу киреше берип жатканын баса белгилөө керек.

Сатылган алтындын өздүк наркына келсек, 2023-жылдын биринчи кварталында бир унция 1415 долларды түзгөн. Ал эми алтындын орточо сатылган баасы унциясына 1891 долларды түздү. 77 547 унцияны сатуудан түшкөн таза киреше 36,9 миллион доллар болду.

Кошумчалай кетсек, айрым ММКлар тарабынан айтылып, жазылып келген «Кумтөр» боюнча жоготуулар, компаниянын иш жүзүндөгү финансылык абалына дал келбейт жана туура эмес маалымат.

Ушундан улам 2023-жылдын биринчи кварталындагы көрсөткүчтөр менен 2022-жылдын 1-кварталынан салыштырсак:

– Киреше: $146,7 млн АКШ доллары ($119,6 миллиондун ордуна);

– Таза пайда: 36,9 млн АКШ доллары ($27,2 миллиондун ордуна).