ЖҮК ЖАНА КОЛ ЖҮГҮН ТЕКШЕРҮҮ ҮЧҮН РЕНТГЕН АППАРАТЫНЫН ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА КОНКУРС
Жарыяланган: 10 September 2025
СУНУШТАРДЫ ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2025-жылдын 17-сентябры, Бишкек убактысы боюнча саат 17:00 чейин.
«Кумтөр Голд Компани» ЖЭК (Буйрутмачы) укуктуу Берүүчүлөрдү «Кумтөр Голд Компани» ЖАК үчүн жүк жана кол жүгүн текшерүүчү рентген аппаратынын жеткирүү боюнча эки пакеттүү чектелбеген конкурска катышууга чакырат жана Техникалык Тапшырмага ылайык төмөнкү лот боюнча конкурстук сунуштарды берүүнү суранат:
- Лот – жүктү жана кол жүктү текшерүү үчүн рентген аппараты.
Тиркелген документтер, тиркемелер жана баа сунуштары менен сиздердин сунуштарыңыздарга Коммерциялык сунуштарга жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга бардык ыйгарым укугу бар адам (адамдар) кол коюшу керек, документтерди PDF берүү форматы мөөр менен бекемделиши керек.
Документтерге кол коюу укугу бар адамдын (же адамдардын) ыйгарым укуктары ишеним кат же анын ыйгарым укуктарын тастыктаган документтердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен ырасталышы керек.
Тандоого катышууну каалагандардын бардыгы №1 жана №2 тиркемелерге ылайык формаларды толтурушу, талап кылынган документтердин көчүрмөлөрүн тиркеши жана төмөндө көрсөтүлгөн электрондук почта дарегине электрондук форматта жөнөтүшү керек.
Конкурска Катышуучулар өздөрүнүн арыздарын электрондук почта аркылуу бир же бир нече кат менен жөнөтүшү керек. Ар бир каттын көлөмү 25MB ашпашы керек.
Конкурстук табыштама орус же англис тилдеринде түзүлүшү керек. Ошол эле учурда орус тилине артыкчылык берилет.
Биринчи пакет үчүн каттын билдирүүнүн темасы «Квалификациялык жана техникалык сунуштар [компаниянын аталышы]» болушу керек; экинчи пакет үчүн — «Баа сунушу [компаниянын аталышы]». Билдирүүлөр төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүлүшү керек: dosmotr@kumtor.kg.
Конкурстук табыштаманы берүү тартиби
Катышуучулар документтерди эки өзүнчө пакетте тапшырат, ошол эле учурда эки пакет тең жогоруда көрсөтүлгөн электрондук почта дарегине бир убакта жөнөтүлүшү керек:
- №1 пакет – квалификациялык жана техникалык сунуштар (сыр сөзсүз берилет);
- №2 пакет – коммерциялык сунуш (файлга кирүүгө сыр сөз аркылуу кирүүгө тийиш жана биринчи баскычта ачууга болбойт, сыр сөз Буйрутмачынын суроо-талабынан кийин электрондук почта аркылуу жөнөтүлүшү керек).
2. Биринчи этап – квалификациялык жана техникалык сунуштарды баалоо (Кыргыз Республикасынын резиденттери үчүн):
Квалификациялык баалоо төмөндөгүлөрдү камтыйт:
- Салык жана камсыздандыруу боюнча карыздардын жоктугу тууралуу күбөлүктөрдүн түп нускаларынын сканерлеринин көчүрмөлөрү (Мамлекеттик салык кызматы, Социалдык фонд);
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоо же кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн түп нускасынын сканерленген көчүрмөсү; (жеке ишкерлер үчүн, жеке ишкер катары каттоо жөнүндө күбөлүк же жарактуу патенттин көчүрмөсү, ал эми ишмердиктин түрү сатып алуунун предметине дал келиши керек);
- Уставдын түп нускадагы көчүрмөсү (юридикалык жактар үчүн);
- Документтерге кол коюу укугун тастыктаган ишеним кат же башка документ;
- Акыркы 2023 жана 2024-жылдар үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн бардык тиркемелери менен баштапкы баланстын сканерленген көчүрмөсү;
- Катышуучунун сот териштирүүлөрүнө катышуусу жөнүндө маалымат (акыркы үч жылды, анын ичинде учурдагы жылды);
- Конкурстук сунушту кепилдик берген декларация (Чакырууга №1 Тиркеме);
- Ак ниеттүүлүк декларациясы жана коррупцияга каршы жобо (Чакырууга №2 Тиркеме);
- Банк реквизиттери менен толтурулган жана мөөр басылган сканерленген файл;
- Берүүчунун анкетасынын толтурулган жана мөөр басылган сканерленген файлы.
- Берүүчүнун маалыматтарын ачуу жана өзгөртүү үчүн форманын толтурулган жана мөөр басылган сканерленген файлы.
Техникалык баа төмөндөгүлөрдү камтыйт:
- Товардын техникалык мүнөздөмөсү;
- Товаордын шайкештиги тууралуу сертификат;
- Товардын келип чыгышы тууралуу күбөлүк;
- Сыноо отчету;
- Шилтемелер тизмеси.
Резидент эместер (башка өлкөлөрдүн катышуучулары) үчүн квалификациялык жана техникалык сунуштарды баалоо:
Квалификациялык баалоо төмөндөгүлөрдү камтыйт:
- Мамлекеттик каттоо же кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн түп нускасынын сканерленген көчүрмөсү;
- Уставдын түп нускасынын сканерленген көчүрмөсү;
- Документтерге кол коюу укугун тастыктаган ишеним кат же башка документ;
- Акыркы 2023 жана 2024-жылдар үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн бардык тиркемелери (баланс, пайда-чыгымдар жөнүндө отчет, капиталдын өзгөрүүлөрү жөнүндө отчет, акча агымдары жөнүндө отчет) менен баланстын баштапкы сканерленген көчүрмөсү.
- Конкурстук сунушту кепилдик берген декларация (Чакырууга №1 Тиркеме);
- Ак ниеттүүлүк декларациясы жана коррупцияга каршы жобо (Чакырууга №2 Тиркеме);
- Банк реквизиттери менен толтурулган жана мөөр басылган сканерленген файл;
- Берүүчунун анкетасынын толтурулган жана мөөр басылган сканерленген файлы.
- Берүүчүнун маалыматтарын ачуу жана өзгөртүү үчүн форманын толтурулган жана мөөр басылган сканерленген файлы
Техникалык баа төмөндөгүлөрдү камтыйт:
- Товардын техникалык мүнөздөмөсү;
- Товаордын шайкештиги тууралуу сертификат;
- Товардын келип чыгышы тууралуу күбөлүк;
- Сыноо отчету;
- Шилтемелер тизмеси (ушуга окшош жеткирүүлөр боюнча келишимдер).
3. Биринчи этаптын жыйынтыгы боюнча экинчи этапка кабыл алынган Катышуучулардын тизмеси түзүлөт.
Экинчи этапка төмөнкү Катышуучулар киргизилбейт:
- талап кылынган документтердин толук пакетин бербегендер;
- биринчи пакет менен кошо коммерциялык сунушту паролсуз жөнөткөндөр же паролду алдын ала жөнөткөндөр;
- Буйрутмачы тарабынан суралгандан кийин экинчи пакеттин паролун бербегендер;
- Тиркеме №1 формасына ылайык конкурс сунушун кепилдеген кол коюлган декларациясы жок болгондо;
- Тиркеме №2 формасына ылайык ак ниеттүүлүк жана коррупцияга каршы декларациясы жок болгондо;
- Чакырууда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин документтерди тапшырган.
- Буйрутмачынын коопсуздук кызматы жана каржы бөлүмү тарабынан аккредитациядан өтпөгөндөр.
4. Экинчи этап – конкурстук табыштамага баа берүү
- Экинчи этапка катышууга биринчи этаптан ийгиликтүү өткөн катышуучулар гана жол берилет.
- Катышуучунун баа сунушу Тиркеме №3 формасына так ылайык толтурулушу керек.
- Эгерде Катышуучу Тиркеме №3 формасына ылайык эмес баа сунушун жөнөтсө, анын табыштамасы четке кагылат.
- Жеңүүчү деп эң жакшы шарттарды сунуштаган — баа/сапат/жеткирүү мөөнөтү катышында, ошондой эле Техникалык тапшырмадагы талаптарга ылайык конкурс сунушун берген Катышуучу болуп эсептелет.
- Катышуучу көрсөткөн продукциянын баасы бардык чыгымдарды камтууга тийиш: салыктар, бажы төлөмдөрү, жүктөр, тапшыруучунун кампасына чейин жеткирүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынуучу башка төлөмдөр, ошондой эле келишимдеги тейлөө мөөнөтү жана кошумча кызматтар боюнча чыгымдар.
5. Баалоо критерийлери:
- Жеңүүчү деп белгиленген квалификациялык жана техникалык талаптарга жооп берген жана баа/сапат/жеткирүү мөөнөтү катышында эң жакшы шарттарды сунуштаган катышуучунун сунушу таанылат.
- Артыкчылык түздөн-түз өндүрүүчү заводго берилет.
- Конкурстун жеңүүчүсү менен бир жылдык мөөнөткө жеткирүү боюнча келишим түзүлөт.
6. Конкурска табыштамаларды берүү акыркы мөөнөтү 2025-жылдын 17-сентябрында Бишкек убактысы боюнча саат 17:00гө чейин.
- Тандоого Катышуучулар тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч берилген конкурс сунуштары жана/же табыштамалар кабыл алынбайт жана каралбайт.
- Өзүнүн сунушун берип жатып, катышуучу Тапшыруучунун талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга, анын ичинде Тиркеме №7 формасына ылайык Келишим шарттарына макул экендигин билдирет.
- Ар бир Катышуучу көрсөтүлгөн лот боюнча бир гана конкурс сунушун бере алат.
- Конкурс сунуштарын тапшыруу мөөнөтү өткөндөн кийин аларга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.
Эгерде ушул Чакырууга байланыштуу суроолор пайда болсо, катышуучу түшүндүрмө алуу үчүн тапшыруучуга nurzhan.zholdoshev@kumtor.kg электрондук дареги аркылуу кайрылса болот, бирок конкурс сунуштарын тапшыруунун акыркы мөөнөтү бүткөнгө чейин 3 иш күндөн кеч эмес. Түшүндүрмөлөр суроо жөнөтүлгөн электрондук дарекке, суроо алынган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде жөнөтүлөт.
Зарыл болгон учурда, буйрук тапшырма сунуштарды берүү мөөнөтү бүткөнгө чейин каалаган убакытта, бирок кандай болбосун 3 (үч) жумушчу күндөн кечиктирбестен толуктоолорду берүү менен ушул Чакырууга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
Буйрутмачы конкурстук арыздарды тапшыруунун акыркы мөөнөтүн кийинкиге жылдыра алат, эгерде ушул Чакырууга өзгөртүүлөр киргизилсе. Бул тууралуу Буйрутмачы конкурс тууралуу жарыя жарыяланган расмий сайтына – https://www.kumtor.kg/ru/ – тиешелүү маалыматты жайгаштыруу аркылуу кабарлайт.
Буйрутмачы алынган коммерциялык сунушту толугу менен же жарым-жартылай кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле келишим ыйгарылганга чейин ачык тандоо процессин жокко чыгарууга укуктуу. Бул учурда Буйрутмачы Катышуучулар алдында эч кандай милдеттенмелерди албайт..
Буйрутмачы бул чакыруунун алкагында арыз Берүүчү тарабынан тартылган кандайдыр бир чыгымдарды компенсациялоо милдеттенмесинен так баш тартарын билдирет.
Сиз төмөндөгү документтерди жүктөп алсаңыз болот:
ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА
№1 ТИРКЕМЕ
№2 ТИРКЕМЕ
№3 ТИРКЕМЕ
№4 ТИРКЕМЕ
№5 ТИРКЕМЕ
№6 ТИРКЕМЕ
№7 ТИРКЕМЕ