«Кумтөр» кызыкдар уюмдарды жана жеке ишкерлерди Каракол шаарындагы Ысык-Көл областтык ооруканасынын терапевттик бөлүмүнө ремонт иштерин жүргүзүүгө коммерциялык сунуштарын жиберүүгө чакырат

Жарыяланган: 11 April 2014

ТЕНДЕР ЖАБЫК

Иштердин сүрөттөлүшү:


– сантехникалык иштер;
– полдордун ремонту;
– эски эшик-терезелерди алып жана жаңыларын коюу.

Иштердин сүрөттөлүшүнүн тизмесин Бишкек ш., Ибраимов көч., 24, 14-каб., төмөнкү электрондук почта боюнча сурап алууга болот: Kumtor_localbuyer@kumtor.com, же бул жерден алууга болот

Кеңири коммерциялык сунуштар “Жергиликтүү сатып алуулар боюнча жетекчи үчүн” деген белги менен А4 форматтагы конвертке расмий мөөр менен чапталып жазуу жүзүндө 2014-ж. 25-апрелине чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек ш., Ибраимов көч. 24, 14-каб.

Катышуучуларга өз сунуштарында төмөнкү маалыматты чагылдыруу жана берүү зарыл:


1. Катталгандык жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;
2. Юридикалык жактын Уставынын көчүрмөсүн;
3. Юридикалык жактын Мамлекеттик салык кызматынын жана Социалдык фонддун алдында карызы жоктугу жөнүндө справканы;
4. Болгон лицензиялардын жана уруксаттардын көчүрмөлөрүн;
5. Бул чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы жөнүндө маалыматты;
6. Ушул суроо-талап боюнча тиешелүү иштерди аткаруу үчүн материалдык-техникалык базанын, билимдердин жана тажрыйбанын болушу жөнүндө маалыматты;
7. Сунуш кылынуучу ремонт иштеринин толук сметалык наркын көрсөтүү.

КГК алынган коммерциялык сунушту толук же жарым-жартылай кабыл алуу же четке кагуу укугун өзүнө калтырат. КГК эң төмөн бааны берген уюм менен контракт түзүү жөнүндө эч кандай милдеттенме албайт. Эң конкуренцияга жөндөмдүү шарттарды сунуш кылышкан арыз берүүчүлөр гана мүмкүн болуучу контракттын шарттарын талкуулоо үчүн чакырылышат.

Предыдущая публикация«КУМТӨР» аккредиттелген диагностикалык борборлорду ЖЕР БЕТИНДЕГИ ТРАНСПОРТ КАРАЖАТТАРЫН ТЕХНИКАЛЫК КАРОО ЖҮРГҮЗҮҮ ҮЧҮН чакырат Следующая публикация«КУМТӨР» уюмдарды жана жеке ишкерлерди Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунунда “Кумтөр” кен ишканасында топурак иштерин жүргүзүүгө өздөрүнүн коммерциялык сунуштарын жөнөтүүгө чакырат
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.