ПЕРСОНАЛДЫ БАШКАРУУ ЖАНА ӨНҮКТҮРҮҮ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 17 June 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 01.07.2026, 16:00го чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында персоналды башкаруу жана өнүктүрүү бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.
Программага Кыргыз Республикасынын жарандары гана катыша алышат.
Талаптар:
- жогорку билим жөнүндө диплом (төмөнкү багыттар боюнча: экономика, юриспруденция, табигый-техникалык илимдер, психология же эл аралык мамилелер);
- заманбап программалык-техникалык каражаттарды жана офистик оргтехниканы колдоно билүү;
- презентацияларды жана видеолорду түзүү үчүн колдонулуучу тиркемелер менен иштөө көндүмдөрү;
- чоң көлөмдөгү маалымат менен иштей билүү, деталдарга көңүл буруу;
- коммуникациялык көндүмдөр;
- жоопкерчилик жана тапшырмаларды так аткаруу;
- тартиптүүлүк;
- стресске туруктуулук;
- суйлөө тилдерин билүү: кыргыз, орус, англис (милдеттүү эмес, бирок артыкчылык болуп саналат);
- бийик тоолуу кенге командировкага даяр болуу.
Милдеттер:
- кадрдык иш кагаздарын жүргүзүү функцияларын аткаруу;
- иш кагаздарын жүргүзүүнүн жана архив ишинин негиздерин билүү;
- бөлүмдүн кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын эсепке алууга жана актуалдаштырууга көмөк көрсөтүү, аларды кайра кароо мөөнөттөрүн көзөмөлдөө жана документтерди макулдаштыруу;
- кызматкерлерди кызматтык нускамалар менен тааныштыруу боюнча эсепти жүргүзүүгө жана көзөмөлдөөгө катышуу;
- кызматкерлердин жеке иштерин эсепке алууда көмөк көрсөтүү;
- бөлүмдүн документтеринин электрондук жана кагаз архивин түзүүгө жана жүргүзүүгө жардам берүү;
- бөлүмдүн кирүүчү жана чыгуучу корреспонденциясын эсепке алууга көмөк көрсөтүү;
- түз жетекчинин тапшырмаларын жана көрсөтмөлөрүн өз убагында жана сапаттуу аткаруу;
- ички эмгек тартибинин эрежелерин жана компаниянын жоболорун сактоо;
- кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жана окууга жоопкерчиликтүү мамиле кылуу.
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
- Такшалма өтүү жери – Бишкек ш. кенсе
- Такшалма графиги – 5/2
Тандоого катышуу үчүн:
2026-жылдын 1-июлунда саат 16:00 кечикпестен шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.