«Кумтөр Оперейтинг Компанинин» кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын Президентине, Жогорку Кеңешине жана Өкмөтүнө ачык каты

«Кумтөр Оперейтинг Компанинин» кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын Президентине, Жогорку Кеңешине жана Өкмөтүнө ачык каты

Жарыяланган: 20 July 2012

«Кумтөр Оперейтинг Компанинин» кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын Президентине, Жогорку Кеңешине жана Өкмөтүнө ачык катыАкыркы мезгилде өлкөнүн парламентинин жана өкмөтүнүн мүчөлөрү тарабынан биздин компаниянын дарегине өтө терс жана кутумчул мүнөздөгү асылуулар жана айыптоолор көбөйдү, алар компаниянын ишмердүүлүгүнө терс таасир тийгизүүдө жана анын ишкер беделине шек келтирүүдө.

Мына ушуга байланыштуу биз, «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» кызматкерлери, буга өтө тынчсыздануудабыз жана өзүбүздүн конституциялык укугубуздан пайдалануу менен сындоолорго жана Кумтөр кен ишканасында болушкан депутаттар жана өкмөт мүчөлөрү көтөрүшкөн маселелерге карата өз пикирибизди жана жарандык позициябызды билдиргибиз келет.

Көпчүлүгүбүз кен ишканасында 15 жылдан ашуун убакыт иштеп келебиз жана алтынды казып алууга байланышкан иштер кантип жүргүзүлүп жаткандыгы жана компания тарабынан эмгектин коопсуздугу жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча канчалык жогорку стандарттар белгиленгендиги жана сакталып жаткандыгы боюнча имиштерден жана илимий журналдардан эмес, өз көзүбүз менен көрүп билебиз.

Андан тышкары, биздин компаниянын айрым адистери чет өлкөлөрдөгү жана КМШ өлкөлөрүндөгү алтын казып алуучу компанияларда иш тажрыйбасына ээ болушкан жана Кумтөрдөгүдөй иштин уюштурулуусу жана шарттары бар, технологиялык процесс дайыма өркүндөтүлүп турган ушундай ишкана азыркы учурда бирди-жарым эле экенин моюнга алышат.

Кумтөр Кыргызстандын бюджетинин киреше бөлүгүнүн негизги булагы болуп санала тургандыгы эч кимге жашыруун эмес. Статистикалык маалыматтарга ылайык, биздин компания Ысык-Көл областынын гана эмес, ошондой эле бүткүл өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө жана калкынын жашоо деңгээлин жогорулатууга олуттуу салым кошууда. Кумтөр чет элдик валюта резервдеринин көбөйүүсүнө жана бекемделүүсүнө өбөлгө түзүү менен азырынча өлкөбүздүн өнөр жайынын өсүшүнүн 26 пайызын ашык камсыз кылып жаткан жалгыз ишкана.

Өзүнүн өндүрүштүк ишмердүүлүгүнөн жана иш орундары менен камсыз кылуусунан тышкары, биздин компания Ысык-Көл областынын жергиликтүү жамааттарынын бир катар социалдык долбоорлоруна финансылык колдоо көрсөтүүдө, компаниянын каражаттарынын эсебинен жаштарды жумушчу адистиктерине окутууда, мектептердин курулушуна жана ремонтуна демөөрчүлүк жардамдарды көрсөтүүдө, жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү үчүн микрофинансылык агенттиктерди түзүүгө каражаттарды бөлүүдө. Мындай функциялар чынында жеке менчик ишкана эмес, мамлекет тарабынан аткарылууга тийиш. Бирок, биздин компания, жергиликтүү жамааттарды колдоонун зарылдыгын жана маанилүүлүгүн түшүнүү менен корпоративдик социалдык жоопкерчилик принциптерин жүзөгө ашыруунун ийгиликтүү үлгүсүн көрсөтүүдө.

Жогоруда саналган натыйжалар компанияга каршы маанайдагы айрым топтор тарабынан жасалма түзүлгөн ар кандай түрдөгү тоскоолдуктарга карабастан жетишилип жаткандыгын да белгилей кетүү маанилүү. Андайлар жолдорду тосуу, негизсиз себептер менен ар кандай компенсацияларды талап кылуу жолу менен компаниянын адаттагыдай ишмердүүлүгүнө жана иштөөсүнө мезгил-мезгили менен тоскоолдук кылышат. Мыйзамдын жана тартиптин сакталышына жоопкер мамлекеттик органдардын аракетсиздиги бул биздин өлкөдөгү чет элдик инвесторлорго карата жалпы таанылган жана кеңири жайылтылган эреже болуп саналат деп жоромолдоого жана өкмөттүн мындай мүнөздөгү аракеттерге катаал бөгөт коюу ыйгарымдарынан, укуктуулугунан жана жөндөмдүүлүгүнөн күмөн саноого негиз берет. Тилекке каршы, мунун баары компаниянын адаттагы ишине гана эмес, ошондой эли биздин эл аралык ишкер коомчулуктун алдында кандай кабылдана турганыбызга да эң терс таасирин тийгизет.

Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына күйгөн Парламенттин жана Өкмөттүн айрым өкүлдөрүнөн турган Кыргызстандын «патриоттору» өздөрүнүн ойлонулбаган аракеттери жана “улутташтырууга” чакырыктары анда 3 миңдей иштөөчүлөр – Кыргызстандын жарандары иштеп жана өз үй-бүлөлөрүн багып жатышкан Кумтөр кен ишканасындагы өндүрүштүн толук токтоосуна алып келе тургандыгын түшүнүшпөйт. Кен ишканасынын иши токтогон учурда 10 миңге жакын адам (кызматкерлер жана алардын үй-бүлөлөрү) биздин өлкөдөгү ансыз да көп сандаган жумушсуздардын катарын толуктоо менен жашоого каражаттары жок калышмакчы.

Мына ушуга байланыштуу, биздин бийликтегилерге карата суроо жаралат: алар Кыргызстандын тоо-кен секторунда Кумтөрдө болгондогудай иш орундары жана эмгек шарттары түзүлгөн жана иштеп жаткан ири өндүрүштүн башка мисалын келтирише алышабы? Андан тышкары, өкмөт “улутташтырылган” ишканаларды ийгиликтүү башкаруунун эч болбогондо бир мисалын көрсөтө алабы? Биз Кумтөр улутташтырылгандан кийин азыркыдай эмгекти коргоо, эмгекке акы төлөө жана өндүрүштү уюштуруу шарттары сакталып кала тургандыгына өтө күмөндөрбүз. Кумтөрдү улутташтыруу бул уникалдуу өндүрүштү гана эмес, ошондой эле жалпысынан өлкөнүн экономикасын да кыйратат, башка чет элдик инвесторлор үчүн терс сигнал болуп калат.

Жакындагы расмий делегациянын өкүлдөрү Кумтөр кен ишканасында болуунун жыйынтыктары боюнча көрүшкөн жана акчалай түрдө баалоого үлгүрүшкөн “экологиялык катастрофа” коркунучу ишенич жараткан инстанциялардын кадыр-барктуу корутундулары менен тастыкталбаган, а ишке тартылган курчап турган чөйрөнү коргоо тармагындагы “эксперттер” деп аталышкандардын билдирүүлөрү жана баалоолору үстүрт болуп саналат жана үзгүлтүксүз байкоолордун жана мониторингдин конкреттүү анык маалыматтары менен бекемделбеген.

Биздин компания өз ишмердүүлүгүн баштагандан бери курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча мыйзамдарды, жоболорду жана нормаларды сактоо маселелерин, өнөр жай коопсуздугу жана өнөр жай жана тиричилик калдыктарын утилдештирүү маселелерин да кошо алганда, анын ишмердүүлүгүнүн бардык аспектилерине тиешелүү бир тараптуу аракеттерди жана чечимдерди кабыл алган эмес.

Бардык чечимдер жана долбоорлор Кыргыз Республикасынын тиешелүү көзөмөл органдары менен макулдашылган жана алардын алдын ала эскертүүлөрүнө ылайык аткарылууда, ал көзөмөл органдарынын жетекчилери кол коюшкан конкреттүү документтер жана актылар менен тастыкталган.

Мына ошондуктан биздин компания өзүнүн ишмердүүлүгү жүргүзүлүп жаткан мезгилде өлкөнүн кандайдыр-бир көзөмөл жана контролдоочу органдарын Кумтөр кен ишканасынын объектилерине киргизбей койгондугу жөнүндө билдирүүлөр ачык бурмалоо болуп саналат.

Эгерде КОКтун экологиялык нормаларды сактоо боюнча иши жаман болсо, анда Парламент менен Өкмөт бизге ал жерде бардык өнөр жайлык жана экологиялык нормалар аткарылып жаткан КРнын аймагындагы ушундай профилдеги ишкананы көрсөтүп берсин. Биз алынган билимдердин жана тажрыйбанын базасында компаниябызды тартипке келтирүү үчүн алардын курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча тажрыйбасын үйрөнүү максатында адистерибиздин ошол ишканага баруусун уюштурабыз.

Кумтөр алтын ишканасы – көз карандысыз Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы жана эң ири инвестициялык долбоор экендиги талашсыз. Дал биздин долбоор, тилекке каршы, азырынча батыш инвесторлору тарабынан өлкөбүздүн экономикасына ийгиликтүү жана натыйжалуу капиталдык салымдын жападан-жалгыз мисалы болуп саналат.

Бизге иш, татыктуу эмгек акы жана келечекке ишенич берген компаниябыздын тагдырына тынчсыздануудабыз. Биз өлкөбүздүн жетекчилиги деңгээлинде сергек акыл үстөмдүк кыла тургандыгына жана жыйынтыгында биздин компаниянын дарегине коюлуп жаткан бардык айыптоолор алына тургандыгына ишенебиз.

700дөн ашык адамдын колу коюлган