Үч Кошкон аыйлында Кумтөр компаниясынан жаны мектеп

Үч Кошкон аыйлында Кумтөр компаниясынан жаны мектеп

Жарыяланган: 28 October 2015

Үч-Кошкондо мектеп-интернат куруу 2010-жылы жергиликтүү каржылоонун эсебинен жүргүзүлгɵн.

Бирок, бюджетке интернаттын жатаканасын курууга каражат каралбай, жатакана 1970-жылы курулган мурдагы геологиялык чалгындоо станциясынын имаратында жайгашкан. Ɵзгɵчɵ кырдаалдар министрлигинин корутундусу боюнча, имарат эки жылдан бери авариялык абалда турган жана пайдаланууга мүмкүн эмес болгон.
«Кумтɵр» кызматкерлеринин эски турак-жай лагеринин блокторунан курулган жаӊы имараттан улам эми окуучулардын жашоосу жана окуусу үчүн жакшы шарттар пайда болду. Жылуу жайларда окуучулар үчүн мектепке даярдоо класстары да уюштурулду.
Интернат менен удаа жаш мугалимдер үчүн турак-жай маселеси да чечилди. Бир нече модуль жаш адистер үчүн турак-жай катары жабдылган. Бир нече модулдан Үч-Кошкон айылында ал айылга иш боюнча келген адамдар үчүн мейманкана да курулду.