ПЛАНДАШТЫРУУ АДИСИ
                Жарыяланган:  11 July 2021
                Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт Пландаштыруу адиси (MS Project).
Билдирүүнүн номери: KGC-21-0105
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ: 
- Жумуштарды пландоо, курулуш боюнча пландарга мониторинг жана көзөмөл жүргүзүү;
 
- Долбоордун тапшырмаларынын аткарылышы боюнча көзөмөл жүргүзүү;
 
- Долбоорлор боюнча отчетторду даярдоо;
 
- Чогулуштарды уюштуруу, протоколдорду жүргүзүү, презентацияларды даярдоо;
 
- Долбоордук документтерди иштеп чыгууда долбоордун жетекчисине жардам берүү;
 
- Долбоордук документтерди администрациялоо (тариздөө, текшерүү, жаңыртуу; макулдашууну коштоо) жана анын аткарылышын көзөмөл кылуу;
 
- Долбоорлордун архивин жүргүзүү;
 
- Кардарлар жана бөдрөт уюмдар менен иш жүргүзүү;
 
- Долбоордун ишинин иерархиялык түзүмүн жана долбоор боюнча жумуштардын курамын иштеп чыгууга катышуу;
 
- Долбоордун календардык тармак моделин иштеп чыгуу жана иш жүзүнө ашыруу;
 
- Жумуштарды аткаруу ыраатын жана алардын ортосундагы өз ара байланышты аныктоо;
 
- Долбоор боюнча иштерди аткаруу үчүн керектүү ресурстарды баалоо жана ишке киргизүү (акча каражаттары, физикалык көлөмдөр, техникалык жабдуулар, адамдар);
 
- Кардарлардын жана бөдрөт уюмдарынын жооптуу адистери менен өз ара аракеттенүү;
 
- Отчетту иштеп чыгуу жана тапшыруу.
 
МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:
- Жогорку техникалык билим (өнөр жай жана жарандык курулуш адистигине артыкчылык берилет);
 
- Маалымат менен иштегенди билүү (чогултуу, жалпылоо, системалаштыруу);
 
- Иш боюнча кат жазышуунун жана сүйлөшүүлөргө катышуунун көндүмдөрү;
 
- Келишимдик документтер менен иштөө үчүн негизги принциптерин билүү;
 
- Долбоордук командада мамилелерди түзүү жана тил табышып иштөө;
 
- MS Office (Excel, Word, Power Point), MS Project программалары менен иштегенди билүү;
 
- Тоо-кен тармагындагы өнөр-жай обьекттерин куруунун технологиясын билүү (көзөө, инфраструктураны жасоо, жайларды көрктөндүрүү);
 
- Долбоордун календардык-тармактык моделин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча тажрыйбасы сөзсүз түрдө болуу керек;
 
- Долбоорлорду / ТЭНнү Кыргыз Республикасынын стандарттарына ылайыкташтыруу;
 
- Долбоорлорду / ТЭНди мамлекеттик органдарда бекитүү;
 
- Календардык-тармактык пландаштыруу боюнча көндүмдөргө ээ болуу;
 
- Долбоордук-сметалык документтерди, ГОСТорду окуу жана түшүнүү;
 
- Пландоочунун ири курулуш долбоорлорунда 1 жылдан ашык иш тажрыйбасы болуу керек;
 
- Мыкты баарлашуу көндүмдөрү;
 
- Англис тилин билүү деңгээли ортодон жогоруу болуу керек (upper intermediate).
 
Анкета жана резюмени 2021-жылдын 23-июль айынын саат 16.00 кеч эмес  HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.
Анкетаны бул шилтеме боюнча алса болот.https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf
Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-21-0105
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.