«Кумтɵрдүн» куткаруучулары кɵп түрдүү куткаруучулук таймашка катышты

Жарыяланган: 10 October 2017

2016-жылдын 7-октябрында Кыргыз Республикасынын Ɵзгɵчɵ кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун полигонунда кɵп түрдүү куткаруучулук таймаш боюнча ар жылдык 17-республикалык мелдеши болуп ɵттү. Бул мелдеш ар жылы Ɵзгɵчɵ кырдаалдар министрлиги тарабынан «Кумтɵр Голд Компани» колдоосунда жана катышуусунда ɵткɵрүлɵт.
Быйылкы жылы жɵндɵмдүүлүктɵрүн жана тажрыйбалык кɵндүмдɵрүн беш команда кɵрсɵттү: «Кыргызалтын» ААКсынын командасы, КРнын ƟКМсынын куткаруучулар командасы жана «Кумтɵр» компаниясынан үч команда – «Кумтɵр-2», «Кумтɵр-3» жана «Балыкчы КГК».
Мелдеш ɵзүнɵ кɵп кабаттуу объектиде куткаруу иштерин жүргүзүүнү, жабыркагандарды химиялык уулануу зонасынан эвакуациялоону жана химиялык булгануу очогун жоюуну камтыды. Мелдештин башкы максаты – издɵɵ-куткаруу иштеринжүргүзүү жɵндɵмүн жана тажрыйбалык кɵндүмдɵрдү текшерүү, издɵɵ-куткаруу иштерин жүргүзүүнүн алдыңкы ыкмалары менен таанышуу.
Ɵткɵн жылдагыдай эле биринчи орунду КРнын ƟКМсынын кесипкɵй куткаруучулар командасы ээледи. Экинчи орун – «Кумтɵр-3» командасында, үчүнчү орун – «Кумтɵр-2» куткаруучулар командасында. Мелдештин жыйынтыгы боюнча жеңүүчү командалар жана байгелүү орундарды ээлегендер кубоктор жана вымпелдер менен сыйланышты, а бардык катышуучулар эстелик белектерди алышты.
«Кумтɵрдүн» куткаруучулары дагы бир жолу ɵздɵрүн кырсык болгондо дайыма жардамга келүүгɵ даяр жогорку класстагы адистер катарында кɵрсɵтɵ алышты. Эске салсак, «Кумтɵр Голд Компанинин» тоо-кен куткаруучуларынын бардык үч командасы Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунда окутуудан жана ар жумалык негизде үзгүлтүксүз теориялык окутуудан жана практикалык даярдыктан ɵтүшкɵн ыктыярчылардан турат.

Предыдущая публикация«Кумтɵр» компаниясы Кыргыз Республикасынын Соода ɵнɵр жай палатасы менен бирге ишкерлер жана коммерциялык уюмдар үчүн маалыматтык сессия ɵткɵрүштү Следующая публикация«Кумтɵр» компаниясынын нормативдик базаны сактоо жана долбоорлорду жүзɵгɵ ашыруу бɵлүмүнүн кызматкерлери республикалык жалпы билим берүүчү № 21 мектеп-интернатта ишембилик ɵткɵрүштү
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.