Кумтөр бардык кызыктар уюмдарды Кумтөр кен казуу жайында, жаңы инфраструктура объектилерин куруу долбоору алкагында, долбоорлоо жана курулуш иштерин жүргүзүү үчүн тандоо процессине катышууга чакырат.

Кумтөр бардык кызыктар уюмдарды Кумтөр кен казуу жайында, жаңы инфраструктура объектилерин куруу долбоору алкагында, долбоорлоо жана курулуш иштерин жүргүзүү үчүн тандоо процессине катышууга чакырат.

Жарыяланган: 12 November 2013

Кумтор приглашает заинтересованные организации принять участие в отборе на выполнение проектных и строительных работ на руднике «Кумтор»

ТЕНДЕР ЖАБЫК


Жалпы тендердик талаптар:

Бардык талапкерлер тандоо процедурасына өз каражаттарын колдонуп катышат жана ушул процедуранын шарттарына макул болот. Талапкерлердин чыгымдарын каржылап берүү боюнча арыздары кабыл алынбайт. Бардык талапкерлер Кумтөр мекемесинин интернет баракчасындагы (www.kumtor.kg) тендерге даярдык документтеринин тизмесине ылайык документ пакетин тапшырышы керек. Ушул тизмени Дэниел Мартинден «Учкун» имаратынын 13-кабатында алсаңыз да болот. Талапкердин убагында талап кылынган документтердин бардыгын тапшырбоосу жана да кошумча талап кылынган документтерди тапшырбоосу талапкердин тандоо процессинен чыгарылуусуна алып барышы мүмкүн.

Тендерге катышуу үчүн документтер А4 форматындагы конверттерде «Тандоо комиссиясынын төрагасына» деген жазуу менен тапшырылат, жана 2013-жылдын 30-ноябрына чейин Бишкек ш., Ибраимова көч. № 24, «Учкун» имараты, 10-кабат дареги боюнча кабыл алынат. Белгиленген убакыттан кечиккен жана электрондук почта аркылуу жиберилген билдирмелер кабыл алынбайт.

Жумуштардын мазмуну жана болжолдуу жумуш көлөмү

Долбоорлоо жумуштары (негизги эмес долбоорлору иштеп чыгуу):
 Жарандык курулуш;
 Жылытуу жана вентиляция;
 Электрикалык жана механикалык бөлүм.

Күйүүчү жана майлоочу материалдарды сактоо жайын, оңдоо жайларын, темир каркастуу имараттарды курууга тийиш жумуштар (майда, орточо жана чоң жумуштар):

 фундаменттер;
 опалубка;
 бетон жумуштары;
 темир конструкцияларды жасоо;
 жылытуу жана вентиляция;
 электрикалык жумуштар.

Жумушчулар (долбоордун ишке ашуу мөөнөтү убагында ийкемдүү иш тартиби):

 сварщиктер;
 бетонщиктер;
 монтажниктер;
 куруучулар;
 электриктер;
 мастерлер;
 коопсуздук техникасы боюнча инженерлер.

Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү: 2014-жылдын февраль айынан – 2015-жылдын июнь айына чейин.

КГКнын милдеттери:
 долбоорду ишке ашыруу жагын көзөмөлдөө;
 подряддык уюмдарды тандоо жана алардын квалификацияларын баалоо;
 керектүү квалификацияларга ээ болгон жергиликтүү подряддык уюмдар арасында жумуштардын ар кандай көлөмдөрүн таратуу;
 «Кумтөр» кен казуу жайында керектүү шаймандарды жана курулуш материалдарды камсыздап берүү;
 «Кумтөр» кен казуу жайында подряддык уюмдардын жумушчуларын тамак-аш жана турак жай менен камсыздоо;
 Индивидуалдык коргонуу каражаттарын камсыздоо;
 жумушчуларды Барскоон айылындагы Волна станциясынан Кумтөргө чейин жана кайра жеткирүү.

Керектүү квалификациялары жана жумушчулары бар болгон кызыктар уюмдардан жогоруда айтылган жумуштарды алып барууга билдирмелерин тапшырууну суранабыз.

Бардык талапкерлер интернет-баракчабызда жайгашкан тендерге даярдык квалификацияны аныктоо документин толтуруусу зарыл.

Тапшырылган билдирмелер Кумтөр тарабынан каралат. Андан кийин ийгиликтүү талапкерлерге андан ары тендерге катышуу үчүн керектү этаптар боюнча маалымат жиберилет.

КГК келип түшкөн ар-кайсы билдирмени толук же толук эмес түрдө кабыл алуу же кабыл албоо укугун сактайт. КГК талапкерлер менен келишим түзүүгө же мындан ары иштешүүгө милдеттенбейт.

Бардык керектүү талаптарга ылайык болгон, ийгиликтүү талапкерлер гана боло турган сүйлөшүүлөргө чакырылат.

Кызыккан талапкерлер бардык суроолору боюнча КГКга төмөнкү электрондук почта дареги аркылуу кайрылса болот: Kumtor_projects@kumtor.com